Мындай пикирин 10-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Марат Казакпаев билдирди.

 

"Кошуна мамлекет болгондон кийин кандай болгон күндө дагы Казакстандын мындай мамилеси туура эмес",- деди ал.

 

Анын айтымында, жарандардын жана транспорт каражаттарынын Казакстандын чек арасынан өтүүсүнө тоскоолдук жаратуу жакшы эмес.

 

"Расмий маалымат болбогондон кийин Казакстандын бийлиги талапкерлердин бирин колдоп жатат деп айтуу кыйын. Бирок М. Аспеков менен К. Исаевдин камалуусун эске алуу менен бийликти күч колдонуп басып алуу үчүн массалык баш аламандык уюштурууга аракеттер көрүлүп жатканы маалым",- деди ал.

 

 

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277588