Кыргыз-казак чек арасындагы азап 

 

Казакстан менен чектешкен “Ак жол” жана башка өткөрмө бекеттерде 10-октябрдан бери узун кезек пайда болуп, миңдеген эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турат.

 

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда кечки саат алтыдан баштап транспортту жана адамдарды күчөтүлгөн тартипте текшерип, өткөрүп жатышат. Ушундан улам өткөрмө бекеттерде кезек күткөн адамдар жана автомашиналардын саны миңдеп саналат.

 

Картинки по запросу кыргызско-казахская граница

 

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болуп, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турат.

Казакстандын базарларында соода менен алектенгендер күтүүдөн башка аргасы жок экендигин айтышса, Мухабат Абдуллаева жакынкы аралыкта чек арадан өтө албасына көзү жетип, кайра кетүүгө мажбур болду: “Кайра кайтышым керек болчу. Жетише албачудаймын. Адам абдан көп, мурда мындайды көргөн эмесмин”.

 

​Өзбекстандын жараны Адалат Назарова болсо Кыргызстанда дарыланып, үйүнө кайткан кези экен. Бирок эми чек арадагы абалды көргөндөн кийин жүрөгү ооруп турганын айтып өттү: “Ооруп калып, кызым экөөбүз келгенбиз. Үйүбүзгө жете албай, таң заардан бери зарыгып отурабыз. Акыбалды өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы”.

 

Казакстан менен чектешкен Чүйдөгү дагы бир көзөмөл-өткөрмө бекет - “Ак тилекте” болсо бир чакырымга созулган унаалардын кезегин көрүүгө болот. Казакстан, Орусияга жашылча-жемиш ташыган бул автоунаалар 15 сааттан бери ордунан жыла албай турушат.

 

​Майрамбек Кенжалиев Казакстандын Караганды шаарына мөмө-жемиш алып бараткан. Азыр эми алары бузулуп, сатыкка жарабай калат деп кооптонуп турган мезгили: “Товарыбыз бир күндө эле бузулуп кетиши мүмкүн. Соода-сатыкка бир топ эле зыянын тийгизип жатат. Тез арада чечилбесе, карапайым эл эле залакасын көрөбүз. Бул жерде 500дөй фура турат. Казакстандан Кыргызстанга кирип эле жатышат. Биз болсо Казакстанга кире албай эле койдук”.

Чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча расмий Астана азырынча маалымдай элек. Кыргызстандын чек арачылары да 11-октябрдан тарта бардык чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартип менен иштөөгө өткөнүн “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкарыева билдирди: “Мындай тартип президенттик шайлоо мөөнөтүнө ылайык киргизилди. Ошол эле учурда Кыргызстан тараптан чек ара көзөмөлүн уюштуруу мөөнөтү жана нормалары өзгөрбөйт. Чек арадан өтүүдө эч кандай чектөө жок”.

 

"Ак жол" өткөрмө бекетинде түзүлгөн абалды эске алып жана алдыда аба ырайы салкындай турганына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине автотранспорт топтолгон жерге чатыр тигип, биодааратканаларды орнотууну жана адамдарды ысык тамак, таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы берилгенин премьер-министр Сапар Исаков “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, чек арадан өтүү Таластагы “Чоң-Капка”, Чүйдөгү "Ак жол", "Чалдовар" жана "Ак тилек" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кыйындаган.

 

Чек арадан өтө албай топтолуп тургандарды чөнтөк телефонуна тартып, интернетке жарыялагандар бул кырдаалды президент Алмазбек Атамбаевдин казак жетекчилигинин дарегине айткан соңку билдирүүлөрү менен байланыштырып жатышат.

 

Кыргыз-казак алакасы: эрегиштин эпкини

 

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

 

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев 10-октябрь күнү эртең менен өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы боюнча атайын билдирүү жасаганын айткан. Ал билдирүүдө казак премьери буга чейин Кыргызстанга көрсөтүлгөн каржылык жана материалдык колдоолорду тизмектеп кеткен.

 

Өкмөт жыйынында ал билдирүүсүнө токтолгон казак премьери Бахытжан Сагинтаев кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин айткан сын пикирине экинчи ирет кайрылып, расмий Бишкекке минтип ишарат жасаган эле: “Кечээ мен Кыргызстандын президенти Атамбаевдин эч кандай негизи жок, сандарды бурмалоо менен туура эмес айткандары боюнча билдирүү жасадым. Казакстандын ийгиликтери талашсыз жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган. Казакстан Кыргызстанга бир тууган мамлекет. Бул жөн эле сөз эмес. Мисалы, Кыргызстандын сыртка чыгуучу транспорттук жана соода байланыштары - авиа каттамдар, темир жолу жана автомобиль жолдору Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Бирок биз буга чейин эч качан чектөө чараларын киргизген эмеспиз...”.

 

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин Кыргызстан Казакстандын аймагы аркылуу сырткы дүйнө менен байланышарын эскерткен ишаратынан кийин эле кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө чектөөлөр киргизилди.

 

Бул чектөөлөрдүн себеби "кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү" деп айтылганы менен саясат талдоочулар анын төркүнүн казак бийлигинин Бишкекке кысым көрсөтүү аракети менен байланыштырышууда.

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев эки тараптын эрегишүүсү эч кимисине жакшылык алып келбестигин эскертти: “Казакстандын олигархтары биздин ички ишибизге, саясатыбызга кийлигишип жаткан болсо, анда бул аябай эле туура эмес. Анткени казакстандык олигарх Булат деген адамдын (Булат Утемуратов) биздин саясатчылар менен телефондук сүйлөшүүсү деген аудиотасма интернетке чыкпадыбы. Биздин жетекчилер ага карата чындыкты айтып койсо, ошого карата эрегишүү болбошу керек. Бул жерде элде эмне айып? Эл кыйналбашы керек. Расмий Астана анан "Кыргызстандын бүт байланышы Казакстан аркылуу, анан биз кысып коё алабыз, чектөөлөрдү киргизип салышыбыз мүмкүн" деген сыяктуу ишарат жасаганы туура эмес. Андай болсо биз тараптан дагы басым көрсөтүү рычагдары колдонулса, анан алар жактан кайра ага жооп болуп, ортодогу эрегишүү күчөй берсе, анда эки ортодо эле боордош эки эл кыйналат”.

 

Саясат таануучу Марс Сариев расмий Астана Атамбаевге ачууланганы менен Кыргызстан менен мамилени курчутууга барбайт деген ишенимде: “Албетте, соңку окуялар расмий Бишкек менен расмий Астананын учурда мамилеси сууп турганын көрсөтөт. Бирок мунун баары убактылуу. Казакстандын бийлиги күтө алат деген ишенимдебиз. Анткени бир жумадан кийин Кыргызстанда жаңы президент шайланат. Казак бийлиги мына ошол жаңы президент менен мамиле түзгөнгө аракет жасап, ортодогу тарыхый мамилени сактап калууга расмий Астана жактан аракет болот деген ойдомун. Анткени бул жерде эки бир тууган өлкөнүн карым-катнашы кандайдыр бир саясий таарынычтардан улам үзүлүп калбашы кажет. Муну эки тарап тең эле түшүнүп турат. Анан калса Атамбаевдин казак бийлигине айткан нааразычылыгы биринчи кезекте шайлоонун астында ички аудиторияга багытталганын казакстандык саясат талдоочулар деле айтып жатышпайбы”.

 

Кыргыз жана казак бийлигинин ортосундагы кайым айтышуулар жана нааразылык ноталарын алмашуу 19-сентябрда президент Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алган күндүн эртеси башталган эле.

 

Булак: "Азаттык"