Суранчиев “суу” ичип жаткан жок

 

Картинки по запросу Абдылда Суранчиев

 

ИИмдин экс-министри Абдылда Суранчиев кожоюндарын таарынтпаган, өзүнүн пикирин дээрлик айта албаган министр катары тарыхта калды. Министр кезинде бул кишини “жөн гана ИИМдин чыныгы министри табылганчакты кароолчу катары отургузушту”,- деп айтышчу. Ошондой эле болду. Акыры “жүрбөй” калганын өзү түшүндүбү, айтор “кетем” деди. Анан кетти. Ардактуу эс алууда агы ак, кызылы кызыл болуп эс алып жатат экен десек, жо-ок иштеп атыптыр. Болгондо да май кармаган жерде. “Мегакомдун” коопсуздук боюнча директорунун орун басары болуп… Министр болуп келгенчекти да так ушул жерде иштечү эмес беле. Демек Суранчиев менен “Мегакомдун” ажырагыс бир бүтүндүгү бар. Кезинде биз төмөндөгүчө жаздык эле. Акыркы жылдары “Кунг-Фу Панда” деген мультфильм балдардын сүймөнчүгүнө айланды, анда "Мастер Шифу" деген башкы машыктыруучу, устат бар, азыр ИИМде “Мастер Шифу” болуп аткан Абдылда аксакал чарчады таризинде. Кыскача ушул мааниде. Көрсө “Мастер Шифу” министрликтен соң “Мегакомду” коруп жатыптыр. Жаштыгына арзуу кылып жатса керек да...

 

Айласы куруган Алтай Бөрүбаев

 

Картинки по запросу Алтай Бөрүбаев

 

Алтай Бөрүбаев деген ысым эмнени эске салат? Көз айнектин артында кө-өп сырды каткан кыйды көз караш менен ашкере сабырдуу, ары айлакер адамдын турпаты элестелет. Бул киши кыргыз парламенти ар-кандай себептерден улам, экиге бөлүнүп калган учурда Эл өкүлдөр палатасын жетектеп, “сен тур”, “сен отур” кызматын аткарган. Ага чейин ал илимий чөйрөдө белгилүү инсан эле. Ишенаалы Арабаев атындагы университетте, андан кийин өлкөдөгү эң ири окуу жай болгон Кыргыз улуттук университетинде ректорлук кызматта олтурду. Депутаттык доорону бүткөнү Алтай Асылканович ишсиз калган жок. Илим жаатында мээ катырып, кандидат, доктор болгусу келгендердин тагдыры чечиле турган жогорку атесстациялык  комиссияны жетектеп турду. Аз мурдараак Улуттук университеттин ректорлугуна дагы бир ирет ат салышып көргөн. Мурда кийин бүтпөгөн ишинин бир чаласы калгансып. Жеңип да чыккансыган. Бирок, негедир ал жактын жамааты Алтай Асылкановичтен жаа бою качып, жапа тырмак каршы туруп атып, жолотпой коюшту. Ошентсе да багы бар экен, КР Улуттук илимдер академиясын жетектеп жаткан кербези...

 

Мукураган Мукар Чолпонбаев

 

Картинки по запросу Мукар Чолпонбаев

 

Кезинде Юстиция министри, Жогорку Кеңештин төрөгасы кызматтарын аркалап, Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, учурунда эми мунун ташы “только” жогору кулайт деген ишеним жараткан Мукар Чолпонбаев негедир өзүн өтө тез “таштап” салды. Албетте, кызматтык карьера жагынан десек туура болот го. Башында арышын “кенен” таштап алып тарамышын чойдуруп алдыбы, айтор Мукар мырза ишенимди актап атылып чыккан саясатчы, же лидер боло албастан ачыбаган камыр таризиндеги көп саясатчынын бири болуп кала берди. Бийликке нааразы болгон топтордун анабашында болгусу да келди. “Кыргызстанды сактоо кыймылы” дегенди да түзүп жүрдү. Бирок, тубаса лидерлик сапат ыроолонбосо болбойт экен го. Ушу күндөрү Мукар Шалтакович ЖОЖдордун биринде студенттерге сабак берип келүүдө. Алдыдагы шайлоодо ушу тапта оппозициябыз деп төш кагып аткандарга аткошчу болуп атат. Ар нерсени урдуруп...

 

Тагдырга нааразылыгы жок Талиева

 

Картинки по запросу камила талиева

 

Талиева дегенде эске оголе көп нерселер түшөт. Бул айым тууралуу не деген гана кептер жүрбөдү. Кызмат жолундагы “жоруктары” да өлө кызык. Камила Талиева 1995-жылы Ош педагогикалык университетин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Жалал-Абад университетинде лаборант болуу менен баштаган жана 2005-жылга чейин иштеген. Бул убакыт аралагында кандидаттыгын жактаган. Революциядан соң Жалал-Абадда губернатордун орун басары болуп иштеп, ал кызматтан да балдардын тамактан ууланышы боюнча чуу менен кеткен. 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен келди. Парламентте “арнамысчылардын” лидери, “темир генерал” аттыккан Куловго каршы чыгышы менен аты чыкты. 2011-жылы сентябрь айында Токон Мамытов, Акылбек Жапаров жана Анвар Артыков баштаган 15 депутат кезексиз жыйынга чогулуп, Феликс Куловдун ордуна фракция лидери кылып ал кезде аты анча чыга элек Камила Талиеваны шайлашкан. 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө Камила Талиева социалдык тармак боюнча орун басар болуп келди. Мына ушул кызматта тургандагы “жоруктарын” өзүнүн фракциялашы, депутат Айнуру Алтыбаева чукуп, Талиева 12 катчы, 13 айдоочу жана 15 жардамчы алмаштырганын айтып чыкты. Өкмөт башчынын орун басары болуп турганда Нарында эл менен жолугушууда жардамчыларына кол чатыр карматып койгону менен эсте калды. Андан соң Маданият министри кезинде Саякбай Каралаевди “композитор” деп чууга кабылганы, эл артисти Нурак Абдрахмановдун тажыясында туура эмес кийингени, Зейнеп Шакеева ырдаган “18 жашты”  Гүлсүн Мамашевага ыйгарып салганы, “Кадиллак” үлгүсүндөгү кызматтык унаасын дем алыш күнү жеке маселелерин чечүү үчүн пайдаланып  жүргөнү эле эмнеден кабар берет?

 

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Майдан.kg