Президент Дональд Трамп саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министри Том Прайстын аба каттам чыгымдарына нааразы болууда.

Кандагар провинциясындагы кол салуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.

Кворумдун жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга эми эки апта соң, шайлоодон кийин эле чогулмай болду.

Садыкжан Камалов диний уюмдун жетекчиси болуп саналгандыктан, ал шайлоо алдындагы кампанияда кайсы бир талапкерди колдоого алып, үгүт ишин жүргүзүүгө укугу жок болчу.

Кечээ жакында тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциациянын жетекчилерин премьер-министр Сапар Исаков кабыл алганын жана “Кумтөрдүн” экологиясына  көңүл бурган келишим даярдалганы боюнча маалымат уктук. Ал келишимдин артыкчылыгын билүү максатында тоо-кенчилер жана геологдор ассоцияциясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Ашхабадда өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары жабылар алдында спорттук мелдештерге билет сатып алууда ажиотаж жаралды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

«Жарандык платформа» коомдук уюму парламент депутаттары шайлоо алдындагы штабдардын ишине катышып, Жогорку Кеңештин жыйындарына барбай жатканын билдирди.

Карганын көзүн карга чукумак беле...

Бизнесмендер, ашынган олигархтар эч качан бир тыйынды да бирөөгө бекерге бербей турганын билебиз.   Мына ошондуктан бир катар  суроолорго жооп издеп көрөлү.

 

Жаңы окуу жылы башталган менен республикабыздын билим берүү тармагындагы эң башкы көйгөй мектептердин жетишсиздиги экендиги белгилүү. Баарынан да борборубуз Бишкекте балаңды мектепке орноштуруу университетке өткөндөн да кыйын.

Оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, легендарлуу депутат жана баардык мыйзамдардын “атасы” Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо алдында Мевский, Модин деген орусиялык шылуундардын далили жок, оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде бийлик тарабынан атайын ойдон чыгарылган айып тагылып, сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгы жаш балага деле белгилүү.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын кошуна, боордош Казакстан менен мамиле курчуп, тирешүү күн өткөн сайын күч алууда. Болгондо да мындай кырды-бычак абал Ак үй менен Ак Ордо, президенттердин ортосунда жүрүп жатышы эмненин белгиси?

Акыркы мезгилде, айрыкча ушул бийликтин тушунда журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөр, уруп-сабап кетүү көнүмүш адатка айланууда. Баарынан да ошол зомбулукка кабылган кесиптештерибиз бийликти сындап, ачуу чындыкты айткан эркин басылмалардын кызматкерлери экендиги өкүнүчтүү.

Адамдардан транспорттун саны көбөйгөн борбор калаабызда жолдо жүрүү күндөн-күнгө кыйынчылыкка айланууда. Айрым учурларда машина айдагандардын тыгында тургандыгын мындай кой, жөө жүргүнчүлөр деле жөнөгөн жагына өз учурунда жете албай азап чегишүүдө.

Бийлик, мансап дегенде айрым саясатчылардын көзү-башы айланып, оозуна кандай жакшы убада келсе ошону берип, ким колдоо көрсөтөм деп колун созсо, аны менен кол кармашып кете бере турганын көрсөтүүдө. Өзгөчө бул багытта Өмүрбек Бабанов башкалардан ат чабым алдыга кетти.

Ош шаарында Өзбекстандын эсебинен Алишер Навои атындагы 630 орундук мектептин курулушу башталды. Курулуш иштерин өзбекстандык «Трест12» жана «БунёдГрандСервис» компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт.

Мамлекеттик мүлк фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, "Альфа Телеком” ("Мегаком") ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип, 25-сентябрь күнү кечке жуук орусиялык жаран Елена Нагорная кайрылган. Маалыматка ылайык, ал ишкананын 100% акциясын сатып алууга кызыкдар.

Сот залындагы танго…

Анткени, карызыбыз дүң продукциянын 65 процентинен өтүп кеткен кезде, биздин эконмикабыз өсүп, дүң продукциябыз 4 жарым эсеге көбөйдү деген калпын жайына коюп, ишенимиш болсо деген эле кеп болсо керек.