Бийликке жетсем дегенде эки көзү «панардай» жанып турган Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы үгүт иштерине казак олигархтарынан алган миллиондорун чачып атканы коомчулукка белгилүү болуп калды. Анын сентябрдын башында казак олигархтары менен жолугушканын тастыктаган сүрөттөр да маалымат булактарына жарыяланды. Алтургай казак олигархтарынын бири Б.Утемуратов менен сүйлөшүп атканынын аудиотасмасы да интернет булактарына тарады. Ө. Бабановго акчалай колдоо көрсөтүүгө тартылган олигархтардын саны бери эле дегенде 15ге чукулдап барат. Демек, алардын ар бири кеминде эки миллион доллардан берсе дагы, Бабановдун шайлоо штабы 30 миллион доллар менен камсыз болгон десек болот.

 

 

Картинки по запросу карта кыргызстана  

 

Бирок, бизнесмендер, ашынган олигархтар эч качан бир тыйынды да бирөөгө бекерге бербей турганын билебиз. Демек, ошондо казак олигархтары Ө. Бабановго миллиондорду эмнеге агызып атышат? Алар ал акчалары үчүн Бабановдон эмне талап кылышы мүмкүн? Мына ушул суроого жооп издеп көрөлү.

 

Биринчиден, бизнесмендер үчүн улам жаңы киреше табуунун булагы керек болот. Андыктан алар Кыргызстандын кен чыгуучу жайларына “жол салып” берүүнү сурануулары мүмкүн. Ошондо бүгүнкү күндө Бабановду каржылап аткан олигархтардын саны 15ке чукулдап барарын эске алганда, биздин элдин кен байлыктары ыйлаган бойдон казак олигархтарынын менчигине кете турганына бөркүңүздөй ишене бериңиз.

 

Экинчиден, Кыргызстандын энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетишип калганына Казакстан кол чаап, кубанган деле жок. Андыктан мына ушул энергетикалык көз карандысыздыгыбызга казак олигархтары суук колун салып, республикабыздын энергетика тармагын башкарууга алууга аракет жасоолору мүмкүн. Бул үчүн алар адегенде Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курабыз деп чыгууларын күтө берсек болот.

 

Үчүнчүдөн, жакында эле Астанада өткөн Көкбөрү оюнунда кыргыз оюнчуларын Бабанов сатып алып, натыйжада казак командасына финалда 4:1 эсебинде утулуп бергендерин көрдүк. Бул казак бийлигинин “Кыргызстан эч качан бизден алдыга чыкпашы керек” деген саясаты экени айтпаса деле түшүнүктүү. Бир жолу өз элинин ар-намысын саткан саясатчы-бизнесмен, аны экинчи-үчүнчү жолу да кайталай алат. Андыктан казак олигархтары Бабанов аркылуу Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө да коркунуч алып келүүлөрү толук мүмкүн.

 

Төртүнчүдөн, ошентип Ө. Бабановдун ашыкча кадам жасаганга буту тушалып калат. Ал казак олигархтары эмне десе ошону аткарууга аргасыз болот. Ошондо Акаев менен Бакиев Кыргызстанды үй-бүлө мүчөлөрү менен башкарган болсо, Бабанов өлкөбүздү казак олигархтарына башкартууга жол ачканы турган болобу?