«Бийлик административдик ресурсту колдонуп атат» деп сайрап аткан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов жеңишке жетишүү үчүн диний ишмерлерди, болгондо да радикалдык маанайдагы диний ишмерди өзүнүн үгүт ишине пайдаланганы буга чейин белгилүү болгон. Тактап айтсак, 13-сентябрь күнү Ош шаарындагы Ош улуттук драм театрынын алдында Өмүрбек Бабанов үгүт ишинин алкагында 500дүн тегерегиндеги шаар тургундарын чогултуп, жолугушуу уюштурган. Ошол жолугушууга Ош шаарындагы «Кыргызстан эл аралык ислам кызматташтыгынын борбору» диний уюмунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин жана «Имам Азам» мечитинин негиздөөчүсү Садыкжан Камалов да катышып, ачык эле Ө. Бабановдун пайдасына үгүт жүргүзгөнүн шаар тургундары өз көздөрү менен көрүшкөн.
Баарынан кызыгы ал башка бир талапкердин дарегине орунсуз сын айтып, келекелеп да алган. «Бизге элге кул болуп иштеп берген адам керек эмес! Кул керек эмес бизге! Лидерлик сапаты бар адам керек» дегенин уккан элдин кыжыры да кайнаган. Мунун өзү ал башка бир талапкердин ар-намысына шек келтирип жатканынан кабар берет эмеспи.
Мына ушул окуядан улам Борбордук шайлоо комиссиясына КР президенттигине талапкерлердин биринин өкүлү тарабынан даттануу жөнөтүлгөн. КР «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 15-пунктунда «диний уюмдардын өкүлдөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок» деп көрсөтүлгөн. Садыкжан Камалов диний уюмдун жетекчиси болуп саналгандыктан, ал шайлоо алдындагы кампанияда кайсы бир талапкерди колдоого алып, үгүт ишин жүргүзүүгө укугу жок болчу.
Негизи 2017-жылдын 23-августунда эле Кара-Суу райондук ИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир саясый партиянын ишенимдүү өкүлү катары иштеп жаткан диний уюмдун жетекчиси С.Камалов менен профилактикалык түшүндүрүү аңгемелешүү өткөрүлүп, шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо тууралуу ооз эки эскертүү берилген экен. Демек, ал оозеки эскертүүнү тоготкон эмес. Эми ага карата кийинки чара көрүлүшү керек болот.
Мына ушул жерден көңүлдү көбүрөөк бура турган дагы бир жагдай бар. С. Камалов 2006-жылы террористтик уюмдун жанкечтилери менен чогуу жүргөн учурунда укук коргоо органдары тарабынан атып өлтүрүлгөн Мухаммадрафык Камаловдун бир тууган агасы болуп саналат. Ал эми Мухаммадрафык Камаловдун атасы Рашод Камалов экстремисттик көз караштарды, идеяларды жайылтканы үчүн темир тор артына кеткени маалым.
Тактап айтсак, 2015-жылдын 9-февралында Ош облустук ИИБсынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу, Араван, Өзгөн жана Ноокат райондорунда жүргүзүлгөн «Антитеррор» операциясынын негизинде Кара-Суу шаарындагы «Ас-Сарахсий» мечитинин имамы Р. Камалов кармалган. Анын имамдыгы боюнча буйруктарды текшерген учурда, Р. Камаловдун 2006-жылдан баштап расмий буйруксуз эле имамдык кылып жүргөндүгү аныкталган. Натыйжада ал Ош облустук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган.
Мындан сырткары Садыкжан Камалов өзү 2010-жылдагы улут аралык кагылышууда Кыргызстандан Сауд Араб Падышачылыгына качып барып, кыргыз улутун жамандап, каапыр катары көрсөткөнү тууралуу да маалымат бар. Мына ушундай таржымалы бар диний ишмерди Бабанов өзүнүн үгүт ишине пайдаланып атканы – анын кыргыз элине ким болуп саналарын көрсөтөт? Деги эле салттуу эмес исламдын өкүлүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишине мыйзамды бузуп аралашканына БШК тез арада чара көрүшү керек. Болбосо, С. Камалов оозеки эскертүүнү тоготпой турганын буга чейин эле далилдеген турбайбы?