- Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Бул президенттин аргасыз аракетиби?
- Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешти “Достук” орденин сыйлоо туралуу ар кандай ойлор болушу мүмкүн. Бирок, менин оюм боюнча, бул орден, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн эмес, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүндөгү карандай калпын “жумшартуу” үчүн берилди десе да болот. Анткени, карызыбыз дүң продукциянын 65 процентинен өтүп кеткен кезде, биздин эконмикабыз өсүп, дүң продукциябыз 4 жарым эсеге көбөйдү деген калпын жайына коюп, ишенимиш болсо деген эле кеп болсо керек. БУУ үчүн Кыргызстан дүйнөдө таасирлүү мамлекет катары каралбайт, мамилеси муздайбы, муздабайбы ал БУУнун эмес, Кыргызстандын проблемасы. Башкача айтканда, БУУ болсо биздин мамлекетибизди Африканын жарды мамлекеттердин катарындагы мамлекет катары көрөт...
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити