Кечээ жакында тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциациянын жетекчилерин премьер-министр Сапар Исаков кабыл алганын жана “Кумтөрдүн” экологиясына  көңүл бурган келишим даярдалганы боюнча маалымат уктук. Ал келишимдин артыкчылыгын билүү максатында тоо-кенчилер жана геологдор ассоцияциясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

 

- Орозбек Дүйшеевич, массалык маалымат каражаттарында тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциацисянын жетекчилерин премьер-министр кабыл алгандыгы боюнча сөз маалымат тарады. Кандай маселе көтөрүлдү, эмнелерди талкууладыңар?

 

- Биз мындай иш-чараны көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Тоо-кен тармагынын татаалдыгын жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүндөгү ролун эске алып, бизди кабыл алды. Бул жолугушуу капыстан эле болуп калды. 7-август күнү саат 9да, “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Тоо-кенчилер жана жана геологдор Ассоциациясынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кабыл алаарын айтты. Биздин уюмдун башкармалыгынын үч мүчөсү бардык.  

 

Премьер-министр бизди кабыл алып, жакында кол коюга даярдалган “Кумтөр” алтын комбинаты боюнча экологиялык акыбалды жакшыртууга багытталган келишим тууралуу түшүндүрмө берип, оюбузду сурады. Биз “Кумтөр” кенин, аны саясатташтыруунун негизинде кен иштетүүчүлөр менен элдин ортосунда карама-каршылыктар түзүлүп, көптөгөн каталыктарга жол берилгенин, бул ири кендин экономикалык эффективдүүлүгүн төмөндөтүп, экологиялык оор акыбалга келгендиги жөнүндө түшүндүрмө бердик. Бүгүнкү күндө ынтымакка келип, бул маселеде мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, саясатташурууну токтотуп, илимдин жана инженерлик изилдөөнүн негизинде “Кумтөр” алтын комбинатынын келечегин элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечүүнүн кезеги келгендигин, бул маселени чечүүнү тездетүү керектигин сунуштадык. Түзүлгөн келишимди толук колдоо менен, бул келишимди ишке ашыруу аткаруу бийлигинин милдети экендигин эске алуу менен “Кумтөр” алтын комбинатыны келечеги жөнүндө кенен инвестициялык келишим түзүүнү тездетүү керектигине токтолдук.

 

- Жалпы эле тоо-кен тармагынын акыбалы жөнүндө да сөз болдубу?

 

- Албетте, сөз болду. Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагынын акыбалынын оор экендигин, анын себептери жөнүндө да кыскача токтоло кетүүнүн туура таптык. Кененирээк айтууга убакыт  көп керек эле. Маселен, тоо-кен тармагынын татаал өндүрүш экендигин, анын өздөштүрүүдөгү өзгөчө талаптар жөнүндө, бул тармактын өлкөнүн экономикасынын өсүшүндөгү ролу жөнүндө кыскача баяндама бердик. Ошондой эле, кетирилген каталыктар жөнүндө жана мындай акыбалга келгендин кээ бир себептерин айтып, бул жөнүндө өлкөбүздө иштелип жаткан өлкөнүн туруктуу 2040-жылга чейинки өнүгүүсүндөгү программасына жөнөтүлгөн негизги сунуштарды бердик. Анда биз 4 пунктан турган иш-чараны жөнөткөнбүз. Алар төмөнкүлөр:

 

Биринчиден, тоо-кен тармагында негизги болуп эсептелген Кыргыз Республиканын “Жер казынасы” мыйзамына кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон, коррупцияланган элементтерден тазаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңыча түзүп чыгуу бүгүнкү күндүн кечиктирилсиз талабы. Бул мыйзамды түзүүдө тоо-кен тармагында иштеген адистердин катышуусу керек.

 

Экинчиден, тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн, татаалдыгын эске алып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талабын (п.5 ст.12) ишке ашыруу максатында, бул тармакты бирдиктүү башкаруу структурасын түзүп чыгуу зарыл. Бул иш-чараны ишке ашыруу менен капиталдарды жана интеллектуалдык күчтөрдү топтоштуруу (концентрациялоо) маселеси чечилет, көп өлкөлөрдө (айрыкча мурдагы социалисттик өлкөлөрдө) колдонулуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчиктердин биригүү (партнерство) методдорун кенен колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы эң татаал суроо кен казуу менен геологиялык изилдөөлөрдүн, чалгындоочулардын ортосундагы карама- каршылыктар жоюлуп, сырьелук ресурстарды камдоо маселеси өз убагында чечилет.

 

Үчүнчүдөн, илим жана өндүрүштүн интеграциясына кенен жол ачып, биргелешип иштөөгө шарт түзүү. Тоо-кен тармагы илимдин жетишкендиктерин колдонуп, инженерлик расчетсуз алдыга жыла албайт. Эске салып коелук, Кыргыз улуттук илимдер академиясы, Кыргызстандагы Геология илим изилдөө институтунун негизинде (базасында) түзүлгөн, Кыргыз тоо-кен илим изилдөө институту эң алдыңкы илимий уюмдардын бири болгон.

 

Төртүнчүдөн, кадрларды тандоо, тарбиялоо маселесин чечүү. Тоо-кен тармагында бүткүл дүйнөдө жетектөө органдарында бул тармактын такшалган адис-профессионалдары иштетет. Кыргызстанда өлкөбүздү эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап бул маселеге эч кандай көңүл бурулган эмес, эмнегедир чет элдик тоо-кен тармагы боюнча сабатсыз адамдарга башкартууга жол берилген. Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Кыргыздын жакшы сөзү бар: “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дейт”.

 

Биз сунуштамалар тоо-кен тармагынын уюштуруудагы негизги иш-чаралар экендигин дүйнөлүк практика далилдеп жатат. Ассоциациянын адистери ар бир пункту боюнча кенен түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Маалымат катары айтып коелук: III съездде (2014-жылы) шайланган жетектөөчү орган – кеңеш 35 адамдан турат. Алардын төрт мүчөсү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиктери, бир мүчөсү – член корреспондент, он мүчөсү илимдин докторлору, 17 мүчөсү “Кыргыз Республикасынын ардактуу адамдары” деген наамын алышкан инсандар. Бул сунуштар бул жылдын май айында жөнөтүлгөн, алиге чейин жообун ала элекпиз.

 

Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоору маалыматтар каражаттарында жарыяланса, жалпы тоо-кен адистеринин сунуштарын топтоп, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке жөнөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

 

Бул маселелер тоо-кен тармагынындагы чечүүчү негизги иш-чаралар экендигин көптөн бери эле (коомдук уюм уюшулгандан баштап) айтып, өз ойлорубузду коомдун башкармалыгынын отурумдарында карап, кат жүзүндө да жогорку бийлик органдарына жөнөтүп келебиз. Кейиштүүсү, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери Ассоциациянын адистеринин сунуштарын ишке ашырууну каалашпайт.

 

Тоо-кен тармагындагы акыбал президент А.Атамбаевдин демилгеси менен иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясында” так жана даана баа берилген. Анда: “Кен казуу чөйрөсүндөгү саясат мамлекеттин таламдарын көздөгөн эмес жана бул чөйрөнү атайылап мамлекеттин карамагынан чыгаруу максатында жүргүзүлгөн. Натыйжада мамлекеттик органдар лицензияларга кызыл кулактык кылууга тыюу салууга жана жер казынасын пайдаланууга укуктуу лицензияга ээ болгон ишкананын уюштуруучусу өз үлүшүн сатуу жолу менен берүүгө жана келечеги бар кен чыккан жерлерге иштерди жүргүзбүстөн жана инвестициялаоды тартпастан, жылдар бою лицензияны кармап тургандарга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүгү жок болгон”. Бул саясий чечимдин кабыл алынганына 4 жылдан ашты.  Кейиштүүсү, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери тарабынан чечкиндүү чаралар көрүлгөн жок. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн негизги төрт иш-чараларды, адистердин, илимпоздордун, дүйнөлүк практикадагы жетишкендиктерди колдонуу менен иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн кечиктерилгис талабы экендигин түшүнүшүбүз керек.

 

- Орозбек Дүйшеевич, “Кумтөрдүн” экологиясын эске алган келишимдин кайсы жактары купулуӊузга толду?

 

- Эӊ жакшы суроо бердиӊиз. Бул суроого биздин колубуздагы Келишимде көрсөтүлгөн цифралар менен түшүндүрөйүн:

 

Биринчиден, бүгүнкү күндө “Кумтөр” алтын кени ишин бүтүргөндө реабилитацияга (рекультивацияга) жумшала турган акчалай сумма 23 млн. доллар менен Лондон шаарында банкта сакталууда. Комбинат ишин токтотконго чейин бул сумманы 69 млн. америкалык долларга жеткизилип, бул каражат Кыргызстандагы банктарда сакталууга макулдашылган. Бүгүнкү күндөгү реабилитацияга кете турган сумма 57 млн. $ деп эсептелген. Бул сумма 12 млн. америкалык долларга көбөйтүлгөн жана Кыргызстандын банктарында сакталат.

 

Экинчиден, соттук иш-чараларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү максатында, Кыргызстанга өлкөбүздөгү экологиялык акыбалды жакшыртуу үчүн 50 млн. америкалык доллар которулат. Бул сумма Ысык-Көлдүн экологиясын жакшыртууга да жумшала тургандыгы жөнүндө Өкмөт сунуштарды даярдап жатат. Демек бул эӊ туура, пайдалуу сунуш.

 

Үчүнчүдөн, кыргыз эли үчүн эӊ керектүү Онкология илимий институттун жаӊы илимдин эӊ алдыӊкы технологиядагы шаймандарды сатып алуу үчүн 10 млн. $ бөлүнүп жатат. Бул Кыргыз элинин саламаттыгын сактоодогу чоӊ жардам.

 

Төртүнчүдөн, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт “Кумтөр” маселесине, жалпы эле тоо-кен тармагына көӊүл буруп, 2010-2011-жылдарда “Кумтөр” алтын кениндеги маселелер түз сүйлөшүүлөр менен чечиле башталган. Өлкөбүздө инвестициялык климат жакшырып 2012-жылдын башында акциялардын баасы 24 америкалык долларга жетип, Кыргызстандын акцияларынын суммасы 1 млрд. 800 америкалык долларды түзгөн. 2012-жылы айрым саясатчылар “Кумтөр” алтын кени боюнча мурдагы кетирилген каталыктарды кайра көтөрүшүп, келишимдерди өзгөртүп, улутташтыруу маселесин кароону талап кылышкан. Мындай карама-каршылыктардын шартында акциянын баасы 4-5 америкалык долларга түшүп, Кыргызстандын акцияларынын суммасы 300-400 млн.  долларга төмөндөгөн. Бул маселени изилдеп туура чечимге келүү максатында 2012-жылдын июнь айында Мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын курамында турган тоо-кен адистеринен жумушчу топ түзүлүп, “Кумтөр” кенинде экологиялык акыбалды оӊдоо максатында бир канча иш чаралар сунушталган. Ал иш-чаралар дүйнөгө белгилүү “AMEK” уюмунда жактырылып, ишке ашыруу маселеси каралган. Аны аткарууга 10 млн. доллардын бөлүнүшү туура болгон.

 

- “Кумтөрдүн” экологиясын эске алган келишимдин кандай артыкчылыгы бар жана бу сапар катачылыктарга жол берилбептирби?

 

- Бул келишим “Кумтөр” кени боюнча көптөн бери талаш-тартышта келе жаткан маселелерди сүйлөшүү жолу менен, ынтымак менен иш алып баруунун башталышы экендигин туура түшүнүшүбүз керек. Тоо-кен тармагындагы маселелерди саясатташтырбай, илимдин, инженерлик расчёттордун негизинде чечүү керектигин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө.

 

“Кумтөр” алтын комбинаты бүгүнкү күндө Орто Азиядагы ири ишканалардын бирине айланып, Кыргызстанда тоо-кен тармагынын флагманы болуп калды. Мындай ишкананы токтотуп коюу - бул тармактын өсүшүнө чоӊ зыян алып келет. Комбинаттын токтоосуз иштөөсү үчүн өз убагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, сырьёлук базасын түзүү керек. Тилекке каршы, 2012-жылы Өкмөттүн чечими менен геологиялык чалгындоо иштери токтотулган. Комбинаттка берилген алтындын коругу (запасы) 2022-2023-жылдары түгөнөт, демек бул ири ишкана жабылуусуна шарт түзүлөт. 2026-жылы толук жабылып, рекультивациялоо иштери боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Бул ири алтын комбинатын токтотпой иштетүү максатында ынтымак жолу менен улуттук кызыкчылыкты көздөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү бүгүнкү күндүн эӊ актуалдуу маселелеринин бири экендиги баарыбызга белгилүү. Бул мамлекеттик иш-чарада Кыргызстандын бул тармак боюнча адистерин кошуу менен элибиздин келечеги үчүн жакшы келишимдер түзүлөрүнө толук ишенүүгө болот.

 

- Орозбек Дуйшеевич, Тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциациянын жеткечиси катары бул коомдук уюм кандай иш кылат, эмне менен алек болот ошол тууралуу  кыскача айтып берсеңиз.

 

- Өлкөбүздөгү тоо-кен тармагынын өтө оор акыбалын эске алуу менен Кыргызстандагы бул тармактын адистерин, илимпоздорун, ардагерлерин бириктирген коомдук уюм 1996-жылы түзүлүп, иштеп келе жатат. Баарыбызга белгилүү Кыргызстан 1991-жылы эгемендүү башкарууга өтөр алдында тоо-кен тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн эсебине кирген. Өлкөбүздө дүйнөгө белгилүү тоо-кен комбинаттары болгон. Маселен, Кыргызстан тоо-кен комбинатынын ишканалары Кыргызстандын, Казахстандын үч облусундагы жайгашкан уранды өндүрүп, СССРдеги эң ири комбинаттардын бири болуп, азыркы Шымкент облустундагы ишкананы куруп, ишке киргизген, азыр миңдеген тонна уранды жаңы технология менен иштеп жатат, Кыргыз тоо-металлургиялык комбинаты 20га жакын эң керектүү чанда кездешүүчү металлдарлы чыгаруучу. Кадамжай сурьма комбинатынын уютмасы дүйнөлүк эталон болуп эсептелүүчү, геологиялык изилдөөгө жылына 60-80 миллион рубль (80-90 млн.$) жумшалып ири ишкана эле. Эскертип кетсем,  бүгүнкү күндө геологиялык чалгындоого жылына 30 млн. сом (0,5 млн.$) же 120 эсе аз.

 

Демек, тоо-кен тармагынын келечегин ойлонууга убакыт келди. Ассоциациянын адистери бул маселелерди тынымсыз айтып келебиз, бийлик органдары тарабынан көңүл бурулбайт. Биз кабыл алган сунуштар китеп болуп да чыгарылды. Акыркы  жылдары жарык көргөн үч жыйнакты (2014, 2015, 2016-жылкы) да премьер-министрге тапшырдык.

 

Ассоциациянын мүчөлөрү премьер-министрдин кабыл алуусун чоң үмүт менен, бул тармакта чоң өзгөрүүлөр болорун күтүүшүүдө. Кыргызстан тоо кенчилер жана геологдор Ассоциациянын адистерине, ошондой эле тоо-кен тармагына мамлекеттик бийликтин мамилесинин жакшы жагына өзгөрүшүнө ишеним пайда болгону байкала баштады.

 

 

Чынайым Кутманалиева, "Майдан. kg" гезити