Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстан Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин айыптоолоруна жооп катары кийинчерээк өзүнчө билдирүү жасайт. Бул тууралуу 25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Швейцариянын федералдык прокуратурасы Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын 2012-жылы тоңдурулган активдери боюнча беш жылга созулган тергөө ишин аягына чыгарууда.

Кошмо Штаттар адам укуктарынын бузулушу үчүн жоопту түндүк кореялык аскерлерге жана аткаминерлерге карата чектөөлөрдү койду. АКШ каржы министрлиги маалымдагандай, санкцияга Түндүк Кореянын жети жараны жана үч уюму киргизилди.

Кыргызстандын Экономика министрлиги үч ай ичинде көмүр баасын жөнгө салууну сунуштады. Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук угууга коюлду.

Бишкек, "Саясат. kg". Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркия жарандары үчүн виза алуу жараянынын жеңилдетилиши — эки өлкөнүн жакындашуусуна жасалган алгачкы гана кадам экенин билдирди. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.

Бишкек, "Саясат. kg". Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Астана мындай кадамга аткезчиликтин айынан ири каржылык жоготууларга учурап жатканынан улам барып жатканын Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында билдирди.

Кыргызстандагы Казакстандын элчилигин алдында чек арадагы кырдаалга байланыштуу тынчтык митинги өттү. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси уюштурган “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталган акцияда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасалды.

С.Муканбетов: "Баштадыкпы, эми кош стандарттулукка жол бербей, баардык тараптар менен суверендүүлүк үчүн бекем туруу нормага айланышы керек..." 

Бишкек, “Саясат.kg”. Дастан Жумабековдун өмүр баянындагы кызыктуу жагдайлар... 

Ажо колдосо эле буту жерге тийбей учуп калыш керекпи? “Жетсе да башың булутка, жерге түшөрүңдү унутпа”- деп ким айтты эле, ия?!

 

Ооба, саясаттан да башка аалам бар экенин унутпаган адамдар арабызда бар экен. Айтсак, өткөн жекшемби күнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында көчмөн стилинде курулган “Nomad” амфитеатрынын ачылыш аземи болуп өттү.

Жаңы пайдаланууга берилген Оштогу футбол академиясына жаш спортчуларды тандоо башталды. Учурда машыктыруучулар 600гө жакын баланын футболго болгон шыгын текшерип жатышат.

Мамлекетибиз саясат менен гана алышып жатып, санжырага, тарых, санат дегендерден куру кол калмай болдук. Эсеби маселен, Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгонун, анын 29у - баалуу металл экенин Эсеп палатасына таянуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди.

Бүтүндөй Кыргызстанда бир гана курулуш тармагы өнүгүп, экономикабызды алга сүрөп келаткандыгы чындык. Өзгөчө борбор калаа Бишкекте бийик кабаттуу үйлөр жаандан кийинки козу карындай эле биринин артынан экинчиси жайнап кетүүдө.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр кызматына өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев келе турган болуп калды. Анткени, анын талапкерлиги парламенттин тийиштүү комитетинде жактырылды.

Жакында Россиянын Ставрополь өкмөтүнүн жаңы вице-премьери болуп Кыргызстанда туулган Эркинбек Алимов дайындалды. Аны Ставрополь аймагынын губернатору Владимир Владимиров апталык жыйында крайдын коллегиясына тааныштырды.

Бишкек, «Саясат. kg». «Ош-Баткенде жоксуң, Бишкек-Чүйдө жоксуң», - деген депутат Алмаз Акматов каржы министринин орун басарын таба албай убара.

Бишкек, «Саясат. kg». Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар тууралуу депутат ой бөлүштү.

Бишкек, «Саясат. kg». Жарым жыл ичинде 5000ге жакын жол кырсыгы катталган.

Бишкек, «Саясат. kg». Депутат парламент жыйынында айтты.