Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр кызматына өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев келе турган болуп калды. Анткени, анын талапкерлиги парламенттин тийиштүү комитетинде жактырылды. Д.Кенекеев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылы июнда дайындалган. Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон эле. Биз билгенден бул жигит Өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалганга чейин Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген. Бирок ал кызматында деле, азыр да кайсы бир көзгө көрүнөрлүк жумушу менен таанылгандыгын уккан, көргөн эмес экенбиз. Тилекке каршы бүтүндөй бир мамлекеттин коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министрдин эреже боюнча аскердик наамы, бул жаатта иш тажрыйбасы болушу керек эле. Кыскасы, азыркы бийликтин эрке баласы. Болгону өткөндө, президенттик шайлоонун эртеси митингге чыккан таластык жаштарга “Манас” эпосунан үзүндү айтып берем деп, аны дуулдаган жаштар укпай, кыйкырып-өкүрүп кабыл алышкандыгын мамлекеттик телеканалдар улам-улам көрсөтүшкөн. Кийин президент А.Атамбаев ошол жаштарды Абыке, Көбөштүн тукумуна, Д.Кенекеевди “Манастын чыныгы урпагына” теңеген болчу. Эмнеси болсо да А.Атамбаев президенттик мөөнөтү бүтөргө жакын жакшы көргөн “балдарына” баардык мамлекеттик майлуу-сүттүү орундарды бөлүп берүүдө.
Булак: “Майдан. kg” гезити