Ооба, өлкөдө жаштарга басым жасалып, алардан өкмөт курамы куралып жатат. Бул албетте жакшы. Бирок, ошол жаштар дегенибиздин өзү кыркты эбак ашып же аны чапчып алгандар экенин да айта кетели. Дегеним, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Дайыр Кенекеев келатат...
ЖКнын тармактык комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кенекеев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө бир жылдан ашуун иштегенин, бул мезгил аралыгында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас-Тараз-Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын белгиледи. Ал коӊшу Казакстан менен мамиле жакшырганын, азыр чек арадагы Чоң-Капка өткөрүү жайында абал оӊолгонун кошумчалады. Албетте “жомок” сыяктуу кептер экенине ким ынанбайт. Эгер Таласта экономика көтөрүлсө эмнеге эл төө бурчагын сата албай кыйналат? Эгер чек арада маселе жаралбаса эмнеге бүтүндөй өлкө дүрбөп атат? Калптын да чеги болуш керек да. Ажо колдосо эле буту жерге тийбей учуп калыш керекпи? “Жетсе да башың булутка, жерге түшөрүңдү унутпа”- деп ким айтты эле, ия?!
Булак: “Майдан. kg” гезити