Дастан Артисбекович Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган.

 

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча  аяктаган.

 

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын “Баямташ ЛТД” өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

 

2005-2007 - жылдары  бельгиялык “КАSI трейнинг”  фирмасында башкы менеджер;

 

2007-2009 - жылдары “ЯКАД” ЖЧКсында башкы мүдүр;

 

Бизнестен мамлекеттик кызматка алгачкы жолу Камчыбек Ташиевдин колдоосунда барган: 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча механизациялашкан көчмө бөлүгүнүн башчысы кызматына алынган. Ал кезде К.Ташиев ӨКМ министри болуп турган.

 

2010-жылы октябрда да Камчыбек Ташиевдин колдоосунда “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган. Бир учурда, тагыраагы 2015-жылдын июнь айынан тартып “Ата-Журт” фракциясын да жетектегени белгилүү.

 

Бул чакырылышка ал “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен келген.

 

Дастан мырза Бишкек шаардык Травмотология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси, атактуу травматолог Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси.

 

Өйдөдө көрүнүп тургандай, Д.Жумабековдун чоң саясатка аралашып калуусунда Камчыбек Ташиевдин салымы чоң болгон. Ошондуктан да аны Ташиевдин кадры десек жанылбастырбыз. Өзү деле К.Ташиев оор күндөргө кабылганда аягына чейин сатпай, позициясын бекем карманган жигит. Акыйкат, калыстыкты да Дастан Жумабеков Камчыкеден алса керек, ар дайым адилет сөз сүйлөгөн депутаттардын катарында болду. Жаңы спикерге ишинде ийгилик каалайбыз!