С.Муканбетов: "Баштадыкпы, эми кош стандарттулукка жол бербей, баардык тараптар менен суверендүүлүк үчүн бекем туруу нормага айланышы керек..." 

 

- Сабыр байке, мына, баягы “той да болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, бир топтон бери элдин бүйүрүн кызыткан президенттик шайлоо да болуп өттү. Алмазбек Атамбаев айтканындай эле Сооронбай Жээнбековду президенттикке өткөрүп алды. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу кандай ойдосуз?

 

- Эми, шайлоонун жыйынтыгын Адахан Мадумаровдон башка талапкерлердин баары таанышты. Сооронбай Жээнбеков 54 пайызга чукул добуш алып, президент болуп шайланды. Нааразы тараптардын колунда деле шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо, жараксыз деп табууга негиз бере турган фактылар жок болуп, негизинен шайлоо участкасынын сыртындагы кысым, коркутуу-үркүтүү, сатып алуу тууралуу окуялар айтылууда. Биометрикалык ыкма менен шайлоо өткөрүү мурдагы шайлоолорго караганда албетте таза, адилет болоорун көрдүк. Шайлоо участкасынын сыртындагы кысым, үгүт ишиндеги мүчүлүштүктөр, добуш сатып алуу, көптөгөн, биометрикадан өтпөгөн жарандарыбыздын шайлоого катыша албай калгандыгы айкын болду. Бул проблемаларды келечекте жоюу маселеси өтө актуалдуу экенин турмуш көргөздү. Мунун үстүндө иштеш керек. Келерки шайлоого чейин оңдош керек. Коомчулук деле бул проблеманы көтөрүп, мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштай башташты.

 

Элибиз деле бул шайлоону тынч кабыл алганынын негизги себеби шайлоо калыс болду деген ишеним болду. “Дүргүп кетет, тополоң болот” деген сөздөр айтылды эле го? Кана? Жыйынтыктары реалдуу болду. Явка мурдагыдай жогору болбой 55-56 пайыздын тегерегинде... Бийликтин талапкери мурдагыдай 70-80 пайыз албай, араң-араң өтүп атса... Таластыктар деле добуштары урдалбай 85 пайыз Өмүрбек Бабановго салып бере алышты го? Алардын нааразычылыгы админресурска, кара пиарга, подкупка каршы болду. Бирок, добуштары уурдалбай, реалдуу түрдө кимге беришсе ошого берилгенин алар деле тана алышкан жок. Одоно фальсицификация тууралуу факт жок болгондон кийин Өмүрбек Бабанов деле шайлоо жыйынтыгын таанып, чуулдаган туугандарын тынчтыкка чакырды. Туура кылды.

 

- “Досумду президент кылам” деп чамынган Алмазбек Атамбаев админстративдик ресурстарды ашкере колдонуп, өзү агитатор болуп кеткени аз келгенсип, коңшу казак мамлекети менен араздашканга чейин барганы кызуу талкууланып, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, товарлар өткөрүлбөй, эмгекчилердин акыбети талаага кетип жатат. Премьер-министр Сапар Исаков Астанага барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен кырдаал өзгөргөн жок. Болгону жөө жүргүнчүлөргө жеңилдик берилди. Алмазбек Атамбаевдин бул шайлоодогу аракеттерине коңшу, боордош эл менен кырдаалды курчуткан бул кадамына кандай баа бересиз?

 

- Бул абдан зээнди кейиткен окуя болду. Алмазбек Атамбаев “балээнин баары Бабановдон башталды” деп, болгон күнөөнү Нурсултан Назарбаевге оодарып, “ички иштерибизге кийлигишип, суверенитетибизге шек келтирди” деген версияны бетине кармап, улуттук намысыбызга басым жасап, шайлоодо бийликтин талапкерин жеңишке жеткирүүгө колдонду десек болот.

 

“Эл аралык абал, коңшулар менен болгон мамиле эмне болсо ошо болсун, кийин эптеп аларбыз, азыр, башкысы шайлоодо жеңишке жетүүбүз керек”- деген “отчаянный” кадам болгондой туюлду мага. Анткени, бул жерде “мен бар болом, же жок болом” деген маселе турду. Шайлоого киргизилген жаңылануулардан улам, чынында эле жыйынтыктын кандай болоорун акыркы кезге чейин эч ким айта албай жатты. Бийлик да кандай болооруна көзү жетпей, алактап калды. “КСДПнын талапкери жеңилсе иш башка өнүттө өнүгүп, жеке керт башына кооптуу кырдаал жаралаарын сезген Алмазбек Атамбаевдин коркуу сезими үстөмдүк кылып, истерикага алдырып жиберди” деген пикирлер да айтылып жатат.

 

Азыр эл ичинде бул чатак тууралуу кайчы пикирлер айтылууда. “Аша чаап, ачууга алдырып, эки элдин ортосуна бүлүк салып, миңдеген ишкерлердин убалына калды” дегендер менен, “туптуура кылды, казактардын кандай акысы бар экен – бизди башкарганга, ачтан өлсөк да тизе бүкпөйбүз, ачпаса ачпай эле коюшсун” дегендер тынымсыз айтышууда. Атамбаев өзү да “катуу кетип, ачууга алдырып койгон окшойм” дегенсигени менен акыбалды оңдоого аракети байкалбай, “Таластагы суу сактагычтагы сууну түгөл агызабыз, казактардын 100 млн долларлык жардамын албайбыз” деген кептер уланууда. Ошондуктан, улуттук сезимдерге басым жасоо канчалык пайда же зыян алып келгенин айтуу кыйын.  Эми кандай деген күндө дагы “болоор иш болду, бойоосу канды” демекчи максатына жетип, досун президент кылып шайлатып алгандан кийин, коңшулар менен маселени жөнгө салуу керек. Аны ким жасайт? Сооронбайбы? Сапарбы? Ким? “Алмаздын балээсине калбайлы” дешип улуттук ар-намыс, суверенитет маселелерине басым жасап, коңшуларды боктоп жаткан бийлик башындагылар эсине келип, конструктивдүү маанайга өтүшпөсө казактар менен мамиле жакшырышы күмөн. Мен өзүм, негизи, башында эле, Назарбаевдин Бабановду кабыл алуусуна башкача, токтоорок, ойлонуп жооп бергенде болмок деген ойдо калдым.

 

- Казактардын аракети, алардын позициясын кандай карайсыз?

 

- Эми казактар тууралуу айта турган болсок... Аларды канчалык боордош, бир тууган дебейли, алар баары бир башка мамлекет. Алардын өз кызыкчылыктары бар, биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын коргошот. Нурсултан Назарбаев канчалык жымсалдап “биз, кыргыз эли кимди шайлабасын аны менен иштешебиз...” дегени менен, анын аракетинен “кыргыз элинин “болочок жетекчисине” колдоо көрсөтүү аркылуу аны көзкаранды абалга алып келүү, натыйжада өзүнө, өзүнүн мамлекетинин, олигархтарынын пайдасына колдонуу максаты бар деп боолголого негиз бар. Бул эми, айрымдар айткандай бир ууч олигархтар ачып берген жолбу? Же казактардын мамлекеттик деңгээлдеги саясатыбы? Аны так айта алабызбы? Жок. Биз тараптан кеткен орой, елбасыга эле эмес, жалпы казак элинин абройуна шек келтирген сөздөрдөн кийин алар жооп бербей коёт беле? Алар да колунда бар картасын алып чыгып, кысым жасап жатат. Карапайым адамдарды кыйноого салган аракети менен Назарбаев деле абийир тапкан жок. Ал деле эки тараптан таландыга калды. Бирок оюнан кайткан жок. “Силер антсеңер мен мына минтем, биздин ушундай рычагыбыз бар, билип жүргүлө” деген саясат уланып атат. Эл кыйналып жатат. Албетте канча бир убакыттан кийин, Алмазбек Атамбаевдин кетиши менен, маселе бир жаңсыл болот. Баары өз-өз ордуна келет. Бирок ошого канча убакыт керек. “Саясаттан кетпейм, кайтып келем” дегенин ишке ашырып жүрүп алса, маселени чечет деген өкмөт башчысы, жаңы президент Атамбаевдин ырын уланта берсе, анда бул маселенин чечилиши кыйындайт.

 

- Негизи эле, ушу көз карандысыздык маселеси буга чейин мындай шайлоого байланыштуу, ички ишке кийлигиштирбөө катары талкууланган эмес эле. Эми ушул бойдон, ушу темада туруктуулук көрсөтө алабызбы? Же убакыттын өтүшү менен кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша болобу? Кандай дейсиз?

 

- Биздин бийликке умтулган саясатчылар ар дайым Маскөөгө чуркап, ошол жактан колдоо издеп келгени көнүмүш эле болуп калган жорук болчу. Атамбаев өзү Путиндин кабыл алуусунан кийин президент болгону эсибизде. Бирок заман өзгөрүп атпайбы. АКШ мына -“ички ишибизге кийлигишип, Трампты шайлатып кеттиңер” деп Орусияга нааразы болууда. Анан ошол моданын негизинде мына биз да ички ишибизге кийлигишпөөсүн талап кылып коңшуларга доомат койдук. Орустар кийлигишкен жок. Кийлигишкенде аларга да ушундай мамиле болушу керек. Баштадыкпы, эми кош стандарттулукка жол бербей, баардык тараптар менен суверендүүлүк үчүн бекем туруу нормага айланышы керек.  Ошондуктан, бир чети,  бул эртеби-кечпи көтөрүлүшү керек маселе болчу. Көтөрүлдү. Эми позициябызга  бекем туралы, бекем турат деген ушу экен деп ого бетер ырбатпайлы, мамилени оңдоп ынтымакты жөнгө салуу жагын ойлойлу. Ансыз суверенитет тууралуу айтуу натура. Алмазбек Атамбаев буга чейинки президенттер батынбаган, бирок акыры көтөрүлө турган талылуу маселени көтөрдү. Мөөнөтү аяктап кетээринде, мураскерин өткөзүп алуу үчүнбү (?), же чындап суверендүүлүгүбүзгө жаны ачыппы (?), айтор айтты. Айтуу менен бирге елбасы менен бет карашкыс да болуп калды. Эми анын “саясаттан кетпейм, кайра келем” дегенин таштап, бийликти тынч өткөзүп берип эс алууга кеткени эле оң. Анан, баягы “жаман катын чыккан жерин төркүнсүй” дегенсип жүрө берсе кандай болот? Коңшулар менен ымала өзгөрбөйт, кырдаал оорлоп, эл кыйналып, кедергиси тийе берет.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.