Биринчиден, бюллетенде бул графанын болоору шайлоо тууралуу мыйзамда жазылган. Ошондуктан эч кимдин, ошол эле БШКнын да өз алдынча бул графаны бюллетенден алып салууга укугу жана мүмкүнчүлүгү жок. Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик, анткени цивилдүү жана демократиялык көрүнүш...

Экинчиден, “Баарына каршы” кыймылынын мындай толкуну элдин көзүндө Кыргызстандын тарыхындагы эң алсыз  парламент катары калган Жогорку Кеңештин  6-чакырылышынын “эмгеги”... Анан калса андагы депутаттардын КАЙРАДАН парламентке барууга чамданганын көпчүлүк электораттын жаагына тийген шапалактай эле кабыл алышты... 
Мындан башка да маанилүүлүгү жагынан кем калышпаган себептер бар...  Бирок кеп анда эмес. 
Бул өлкөгө эмне берет? Мына ушул башкы маселе! 
Иштеп жаткан депутаттардын учурдагы курамынын жана талапкер болгон 16 партиянын люстрациясынбы? Жок! Көрсө, БШК түшүндүрмө бергендей, мыйзам боюнча ошол эле партиялар жана талапкерлер кайрадан талапкер болуп катталууга юридикалык жактан  укуктуу экен! 
Же жаңы партиялардын жана жаңы жүздөрдүн келишине өбөлгө болобу? Бул да күмөн... Эгер партияларды катыштырбай коюшса да, ошол эле талапкерлер шайлоого башка партиялардын желегинин алдында ырахаттануу менен бара беришет. Анан калса бизде 300дөн ашуун партиялар бар. 

Үчүнчүдөн, өлкөгө туруктуулук менен өнүгүүнү алып келеби? Бул да күмөн... шайлоону анда өтө кыска убакытта, шашылыш, чуркап баратып өткөрүүгө тийишпиз... А бул ашыкчалык кылат! Өлкө бюджетинен кошумча ири чыгашалар кетерин эске албаганда да. Мунун баары ноябрь-декабрда жасалууга тийиш, кышында, мезгилдин ар кандай маселелеринин арасында... Аны менен катар, каржылык мүмкүнчүлүгү чектелген партиялар жабыркашат. А олигархтардын партияларына бул чымын чаккандай эле сезилет... миллион көп, миллион аз – айырмасы жок... 
Мындай мисалдарды өтө көп келтирсек болот... Жыйынтыгында эмнеге жетишебиз?! Бул кимге пайда? Электораттын аң-сезими жана саясий маданияты кескин көтөрүлүп, “жүрөк жана акылы” менен гана добуш бере баштаарына үмүт артуубу? Менимче, электораттын түшүнүгүнүн кескин өзгөрүүсүнө жетишүү өтө татаал! Дагы эмне? Бай партиялардын акчасын азайтуубу? Олигархтардан өч алуубу? 
Жаңы парламентти шайлоо канчалык создуктурулса, учурдагы курам ошончолук мыйзамдуу иштөөсүн улантып, айлык алып, мыйзам чыгара берээрин унутпашыбыз керек... Анткени, мыйзам боюнча бир чакырылыштын ишмердүүлүгү жаңы чакырылыштын курамы ант бергенге чейин улантылат. Балким, анда учурдагы чакырылышты эле калтырып коюу жеңил болуп жүрбөсүн, шайлоо деле өткөрбөйлү, азыркылар иштей беришсин? Албетте, жок... 
Ошондуктан эмне кылсаң да, “Баарына каршы” эч кандай жакшы жыйынтык бербейт! Бул факт! А эгер Мыйзамда мындай учурда мурда катышкан партиялар жана аларда катталган талапкерлер кайрадан шайлоого катыша албайт деп жазылган болсо, башка кеп эле. Бул жөн гана убаракерчилик... Иш жүзүндө  “Баарына каршы” менен жеңишке жетишебиз деген ой реалдуу эмес. 
Жакшысы талапкер партиялардын арасынан акылга салып мыктысын, бул ТИЗМЕ экенин, анда ак да, кара да, кызыл да бардыгын эске алып, тандаш керек. 
Же жөн эле шайлоого барбай койсо да болот, бул дагы бир вариант! Эгер өзүң менен өзүң урушкуң келбесе.

Булак: "Майдан.kg" газетасы