“Мен азырынча эч нерсе айта албайм. Жакында эле келдим, иштин чоо-жайын толук билбейм. Мен өзүм териштирип, ошондон кийин комментарий бере алам”,-деди Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько журналисттерге.

 

Жол кырсыгы 2017-жылы 16-февралда Бишкекте Фучик жана Васильевск даңгыр жолунун кесилишинде болгон. Анда “Тойота Прадо” жол тандабас унаасы РФнын КРдагы элчилигинин дипломатиялык номери менен жол чырагынын кызыл белгисинен өтүп, жүк ташуучу бусту барып сүзгөн. Жыйынтыгында бустун айдоочусу алган жараатынан улам каза болгон.

 

Кийин КРнын Тышкы иштер министрлигине Россия Федерациясынын КРдагы убактылуу ишенимдүү адамы А.Мзареулов чакырылган. Жолугушуунун жүрүшүндө россия тарапка КР ТИМдин кыргыз укук коргоо органдарынын жол кырсыгын иликтөөсүнө, анын ичинде жол кырсыгынын катышуучуларынын жеке катышуусун камсыздоого ар тараптан колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгына байланыштуу нота берилген.

 

РФнын КРдагы элчилигинин өкүлү Дарья Пахомова жергиликтүү ЖМКларга алардын кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгон жарандын туугандары менен тыкыс байланышта болуп жатышканын жана аларга зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн билдирген.

 

Ал арада каза болгон жарандын туугандары россиянын элчилиги алардан кечирим сурабаганын, байланышпаганын билдиришти.

 

Булак: "Кабар"