Бишкектеги №61 мектептеги завуч менен 2-класстын окуучусунун апасынын ортосундагы чырдуу окуя боюнча Билим берүү министрлиги тарабынан дайындалган комиссиянын иликтөө иши аягына чыкты.

 

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйынында билдирди.

 

Айтымында, комиссиянын курамына Билим берүү министрлигинин жана Башкармалыгынын өкүлдөрүнөн тышкары жарандык сектор дагы тартылган.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө мектепте окуган окуучулардын ата-энелерин жана баланы урган деп шектелип аткан завучтун пикирин угушкан, анын негизинде баланы урган делген факт тастыкталган эмес.

 

“Бирок бардык материалдар укук коргоо кызматына берилген. Эгер иш сотко берилсе тергөөнүн ишинин жыйынтыгы билебиз. Ал класстагы окуучулардын ата-энелери менен сүйлөштүк, жалпысынан 36 ата-эне акча чогултуу болгон эмес дешти. Бардык ата-энелер кир жуугуч машинаны завучка алып беребиз деп акча чогултуу болгонун жокко чыгарышты”,-деди Мейрманова.

 

 Айтымында, негизинен акча чогултуу класс үчүн болгон, классты жасалгалоо, билим алууга материалдарды дайындоо ж.б. иштерге. Фондду завучтун басымына кабылды делген окуучу Ы.Онун апасы башкарган.

 

“Баланын укугун коргогондордун лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, балага мугалимдин кол көтөргөнүн комиссия эмес, укук коргоо кызматтары аныктай алат.