Депутаттар буга чейин Экономика министрлиги оюн-зоок аймагын ачууну сунуштаганын айтып, ал өлкө бюджетине аз эмес акча алып келмек деп эсептей тургандыктарын белгилешти.

 

«Биздин башыбыздан өткөн, мен андай практикага каршымын. Бишкекте оюн аймактары менен казинолор бар болчу, алар жарандарга зыян алып келген. Мен алардан пайда көрбөй турам», - деди Жээнбеков.

 

2015-жылдын аягында Экономика министрлиги чет өлкөлүктөр үчүн гана кызмат көрсөтө турган оюн-зоок комлексинин долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, комплекс өз ичине мейманканаларды, дүкөндөрдү, жыйындар залдарын, көргөзмө жана коммерциялык объектилерди камтышы керек болгон. Коомдук талкуунун жыйынтыгында долбоор жарандардын колдоосун тапкан эмес.

 

Өлкөдө казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. 2015-жылдын апрелинен тарта тотализаторлор менен букмекер кеңселеринин ишине да тыюу бар.