А түгүл, көпчүлүгү аны “дядя Саша” деп да атап жүрүшөт. Адилеттүүлүк үчүн айтпасак болбойт, Александр Хусаинович көптөгөн спортчуларды даярдап, алардын ийгиликтери кикбоксинг дүйнөсүнө жана кыргызстандык күйөрмандарга жакшы белгилүү. Ошондуктан, төмөндөгү маалыматты окугандан кийин, кээ бирлери муну каралоо деп да мүнөздөгөнгө далалат урушат. Анда, кеп башынан болсун.

  Александр Хусаинович мырза Тажикстанда төрөлүп, 17 жашка чейин өскөндүктөн, өзүнүн чыныгы мекени Тажикстан экенин журналисттерге берген маектеринде көп ирет айтып келет. Өтүгүн төргө илип жатса деле, “кой” деп койгонго жарабаган. Эс тартканы Кыргызстандын “нанын жеп”, кайра эле “ичкен кудугунуна түкүрүп”, меймандос Кыргызстанды чанганы туурабы же жокпу? Бул мырзанын улуту дунган экенин деле көпчүлүгү биле бербесе керек, анткени кыргыз эли кең пейил калк эмеспизби. Ошентсе да, аң-сезимдүү адам катары, андай нерселерди кайра улам айта бергени туура эмес, а түгүл кыйыр түрдөгү кыянаттык катары бааланышы мүмкүн. Мейли, “сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дейт кыргызда – мекенибизди зордоп сүйдүрмөк белек? Эгерде мындай нерсе, алыска барбай эле койолу, Казакстан же Өзбекстанда орун алган болсо, анда эртеси эле мындай адамды “төркүнүнө жеткирип” коймок. Анысына да макул дейли. Бизде демАкратия эмеспи...

 Бирок, азыркы айта турган нерсеге эч ким жана эч качан макул болбойт деп ишенебиз. Анткени, кеп ошол эле кыргыз спортчулары, башкача айтканда алардын маңдай тери туурасында болмокчу. Ишеничтүү булактардан келген маалыматтарга ылайык, айтылуу “дядя Саша” көп жылдардан бери, КРнын кикбоксинг Федерациясына мамлекет тараптан бөлүнгөн каражаттарды сол чөнтөккө “ солоп” жүргөн. Чынында, ал жөнүндө жакшы билген адамдар жетиштүү экен – машыктыруучулар, спортчулар жана алардын жакындары. Бирок, көп жылдан бери келе жаткан бул коррупциялык схемаларды ачык айтууга эч кимиси даап, бара алган эмес. Анткени, өзүнө берилген спортчулардын жоон тобу кандай болсо да, Хусаиновичтин тарабын алып турушаарын жакшы билишкен. Анын үстүнө, эл аралык мелдештерге, мамлекеттин эсебинен болгонуна карабастан, бир гана өзүнө жакын спортчуларын жиберип турган. Кайрадан айтууга туура келип жатат, ал спортчулардын катарында кыргыз улутундагылар дээрлик жокко эсе болгонун баарыбыз эле көрүп жүргөнбүз. 

 Алгачкы чыр (сигнал деп койсок деле болот) 2013-жылы чыккан. Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын курамасы аттанат. Алыскы өлкөгө, транзиттик маршрут аркылуу, тактап айтканда Туркия аркылуу учуп барышмак. Ал мелдешке катышууга керектелүүчү каражатты болсо, спортчулар өздөрү чогултушкан. Бир бөлүгүн демөөрчүлөр беришкен. Ошол кураманын мүчөлөрүнүн айтымында, кээ бирлери малын сатса, кээ бирлери унааларын сатышкан. А түгүл, үстүндөгү үйүн күрөөгө койгондор да болушкан. Элестеткиле? Анда албетте суроо туулат – расмий мелдештерге дайыма мамлекет тараптан каражат бөлүнүп келсе, анда неге спортчулар өздөрү төлөп барышкан? Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө кеткен? А эң кызыгы, биздин спортчулар Туркияга жеткенде башталат. Анткени, Стамбулдан Сан-Паулуга чейинки авиабилеттердин акчасы төлөнө элек болуп чыгат. Көрсө, Федерация жетекчилиги, акылга сыйбас алешемдикти кетирген, тагыраагы – таптакыр бөлөк адамга авибилеттердин акчасын берип салышкан. Ал адамдын аты Талан Суюмбаев деп айтылат. Анткени, Александр Воинов спортчуларга ал адам билеттердин акчасын Стамбулга жеткирет деп ишендирген. Жыйынтыгында, ал адам акчасыз келген жана “дядя Саша” эч кандай акча бербегенин билдирген. Ал эми Воинов 14 адамдын (1 машыктыруучу жана 13 спортчу) ар биринен 3500$ доллардан(үч миң беш жүз АКШ доллары) жыйнаган. Ал акчалар кайда кеткен? Ал окуядан кийин, спортчулар андан ары жол уламак турсун, кайтып Кыргызстанга келгенге да каражаттары жок, Туркияда калып кетишет. Арга кеткенде, жардам сурап, иштин чоо-жайын баяндаган кат аркылуу Кыргызстандын Туркиядагы консулдугуна кайрылышкан. Каттын көчүрмөсү сакталып калган:


  

Баса, катта жазылгандай, алгач спортчулар алгач Алмата шаарына барышкан. Бирок, ал жерде аныкталгандай, алардын атына билеттер сатып алынган эмес экен. Кайтып келишип, Воиновдун айтканына ишенип, Стамбулга учуп кетишет. Ал жерде да билеттер жок экени аныкталгандан кийин, түнөй турган жай жок, паркта укташкан. Андан кийин, аргасыздан Консулдукка жамааттык кат менен кайрылышкан. Консулдук жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен гана квартирага жайгашып, артка билет алып беришкенден кийин, жарым жолдон кайтып келишкен. 

 Жогорудагы окуя жана кат коомчулукка жарыяланып кеткенден кийин, өтө кызыктуу окуялар орун алган. Туркияда ара-жолдо калган кезде өздөрү жазган жана кол койгон каттан спортчулар четинен баш тарта башташат. А түгүл, маалыматты өз бетине басып чыгарган “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясына чейин келишип, Федерация жетекчиси Александр Воинов күнөөлүү эмес, ал тургай колунда жок спортчуларга акчалай жардам берген деп билдиришкен. Не себептен, 14 адам кескин түрдө пикирин өзгөртүшкөн? Кайсы көзгө көрүнбөгөн күч басым жасаган? Мына ошентип, сырдуу шарттарда, ал окуяны капкагы жабылуу бойдон кала берген...

 Анча болду, дагы бир окуя туурасында айта кетели. 2017-жылдын 6-ноябрында, Венгриянын борбор калаасы Будапештте өтө турган Дүйнө биринчилигине кыргыз курамасы барган. Бирок, уюштуруучулар биздин спортчуларды мелдешке кое беришкен. Себеби, Федерация тарабынан Эл аралык Кикбоксинг Ассоциациясынын мүчөлүгүнүн жылдык төлөмү өз убактында төлөнгөн эмес. Ал кезде, биздин курама мелдештин фавориттери катары эсептелип турган. Авазбек Аманбеков, Рустам Ибрагимов, Алексей Федосеев жана Куан Абдыраимов сыяктуу ири жылдыздар мелдешке катыша албай, жөн гана трибунада олтуруп, кайтып келишкен. Канча убакыт бою өтө катуу машыгып, олуттуу даярданган спортчулар журналисттерге маалымат беришкен.

 


   

 Эми, бүгүнкү күнгө кайтып келели. Кызыгы, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” демекчи, так эле ошол окуя кайрадан кайталанып олтурат. Анткени, Италияда өтө турган ири мелдешке кыргыз курамасы катыша албай турган кырдаал түзүлөт. Спортчулар тынчсызданып, эмне себептен бара албайбыз деген суроого, Федерациянын алмашкыс президенти Александр Воинов мырза, бизге виза беришкен жок деп билдирген. А чынында болсо, виза тургай, уюштуруучулардын дарегине катышуу үчүн кат да жолдогон эмес экени аныкталган. Өтө шашылыш түрдө, спортчулар өздөрү байланышып, мамлекеттик органдарга кайрылып, сопсонун эле виша алып, ал мелдешке барып келишти. Жөн эле катышпай, 3 байгелүү орунга ээ болуп кайтышты. 

Мына ушундай спорчуларга кам көрбөгөн кайдыгер президент кайсы бети менен кетпей олтурганы таң калтырбай койбойт. Олимпиадалык комитеттин вице-президенти жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусуна жарашпайт экен. Анын үстүно, Федерациянын президенти болуп туруп, машыктыруучунун айлыгын алуу – мыйзам бузуу. А эми машыктуруучу болуп туруп, мелдештерге барбай, спортчулардын өздөрүн жиберип койуу да эрежеге туура келбейт. Эгерде, өзү иштегиси келбесе, иштей турган адамдарга жол бошотсо болбойбу? Ансыз деле, ондогон жылдардан бери Федерацияны жамынып, мамлекеттик бюджетти жакшы эле мойсоду го. Албетте, андай коррупциялык иштерди ошол кездеги мамлекеттик спорт агенттигинин жетекчилиги менен биргеликте гана жасоого мүмкүн эле. Мурдагы эмгектерин эске алып, ызы-чуусуз эле кызматын тапшырып, ардактуу эс алууга кетсе гана?
Демек, тийиштүү органдар бул туруктуу схеманы да ачыктайт деген маалыматтар бар.