Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин расмий Москва Казакстандын латын арибине өтүү тууралуу чечимин “өлкөнүн ички маселеси” деп биле турганын маалымдады. Бул тууралуу ал "Россия-24" телеканалына берген маегинде айтты.

Президентикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров “Мен макул эмесмин!” улуттук кыймылын түзмөкчү. Бул туурасында талапкер маалымат жыйынында билдирип, өткөн Президенттик шайлоонунун жыйынтыгын таптакыр тааныбай тургандыгын жар салды.

Бишкек, "Саясат. kg". Россиянын  Мамдумасынын  вице-спикери Лебедев кеп айтаардан мурун,  документтерди кылдат окуп чыкпайбы. 

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстан Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин айыптоолоруна жооп катары кийинчерээк өзүнчө билдирүү жасайт. Бул тууралуу 25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Кошмо Штаттар адам укуктарынын бузулушу үчүн жоопту түндүк кореялык аскерлерге жана аткаминерлерге карата чектөөлөрдү койду. АКШ каржы министрлиги маалымдагандай, санкцияга Түндүк Кореянын жети жараны жана үч уюму киргизилди.

Бишкек, "Саясат. kg". Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркия жарандары үчүн виза алуу жараянынын жеңилдетилиши — эки өлкөнүн жакындашуусуна жасалган алгачкы гана кадам экенин билдирди. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.

Бишкек, “Саясат.kg”. Дастан Жумабековдун өмүр баянындагы кызыктуу жагдайлар... 

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өлкөсүнүн Орусия менен учурдагы мамилесине канааттанбайт. Бул тууралуу ал Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу маалында билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков парламент спикери болуп шайланды. Аны 80 депутат колдоду.

Бишкек, «Саясат. kg». Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетээрин жарыялады.

Бишкек, «Саясат. kg». Жогорку Кеӊештин спикери алмашышы ыктымал.

Кыргызстан жана Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Армениянын баш калаасы Ереванда кезигип, сүйлөшөт. Жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев октябрдын соңунда Түркияга расмий сапар барат. Маалыматтарга караганда, 25-27-октябрга белгиленген сапар Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен ишке ашат.

Рекс Тиллерсон Кабулдагы күтүүсүз сапары учурунда ооган президенти Ашраф Гани менен Вашингтондун Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын талкуулады.

Бишкек, «Саясат. kg».  Россиянын президенти Владимир Путин 2018-жылкы президенттик шайлоого бараар-барбашы тууралуу берилген суроого анекдот менен жооп берди.

Өзбекстанда тыюу салынган “Бирлик” оппозициялык партиясынын Наманган облустук бөлүмүнүн мурдагы төрагасы, камактагы Мухаммадали Корабоев он бир жылдан кийин түрмөдөн чыкты.

Орусия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүн кайрадан “кош стандарттуулукка” айыптады. Сочидеги “Валдай” клубунда сөз сүйлөгөн Путин Европанын колдоосу менен бир нече өлкө ыдырап, Косовонун бөлүнүшү жикчилдиктин көбөйүшүнө жол ачты деп билдирди. Президенттин пикиринде, бул Каталониядагы жайдайга дагы алып келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон.

Ксения Собчак 2018-жылы Орусия президенттигине талапкерлигин коё турганын расмий түрдө жарыялады. Теле алып баруучу бул чечимин беш жылдан бери оппозиционерлер менен өзгөрүүлөрдү талап кылып митингдерге чыгып жүргөнү, бирок өзгөрүүлөр болбой жатканы менен түшүндүрдү.