Өзбекстанда тыюу салынган “Бирлик” оппозициялык партиясынын Наманган облустук бөлүмүнүн мурдагы төрагасы, камактагы Мухаммадали Корабоев он бир жылдан кийин түрмөдөн чыкты.


Мухаммадали Корабоев "опузалоо" беренеси менен күнөөлөнүп, 2006-жылы 5,5 жылга соттолгон, кийинчерээк эки сапар жаза мөөнөтү узартылган.

 

– Мага жалган жалаанын негизинде иш козголгон. Абакта административдик талаптарды аткарган жок деген шылтоо менен жаза мөөнөтүмдү узартышты. Башында 5,5 жылга соттошкон, бирок абакта жалпысынан 11 жыл 2 ай жаттым, – деди ал.

 

“Бирлик” партиясынын мүчөсү, 70 жаштагы Мухаммадали Корабоев Навои шаарындагы абактан 18-октябрда чыкты. Ал "Эзгулик" укук коргоо уюмунун кепилдик катынын негизинде бошотулган.

 

Корабоев бошотулушун Өзбекстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышы катары сыпаттады.