Орусия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүн кайрадан “кош стандарттуулукка” айыптады. Сочидеги “Валдай” клубунда сөз сүйлөгөн Путин Европанын колдоосу менен бир нече өлкө ыдырап, Косовонун бөлүнүшү жикчилдиктин көбөйүшүнө жол ачты деп билдирди. Президенттин пикиринде, бул Каталониядагы жайдайга дагы алып келди.


Путиндин айтымында, Евробиримдик жана башка бир катар мамлекеттер бир ооздон Каталониянын көз карандысыздыгын сындашты, бирок ага чейин Косовонун бөлүнүшүн жакташкан болчу. “Мындай кош стандарттуулук Европанын туруктуу өнүгүшү үчүн өтө кооптуу”, – деди Орусия президенти. Ал Каталониядагы абал Испаниянын ички иши деп эсептейт.

 

Путиндин пикиринде, БУУ эл аралык системанын борбору катары калууга тийиш. Ошол эле маалда ал уюм акырындык менен реформаланышы керек экенин кошумчалады.

 

Бул арада Путин “Валдай” клубунун модераторунун суроосуна жооп берип жатып: “Торада жерден баш тартуу – чоң күнөө деп бекер жазылган эмес” деди.

 

Өткөн аптада Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Валдай форумунда өтө маанилүү баяндама жасоого даярданып жатканын билдирген.