Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетет. Ал өз каалоосу менен арыз жазганын бүгүн, 25-октябрда пленардык жыйында билдирди.

 

«Президенттик шайлоо бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү кандай экенин көрсөттү. Муну салтка айлантышыбыз керек. Шайлоо өлкөдөгү температураны көтөрүп жиберди, аны ылдыйлатыш үчүн мен отставкага кетишим керек», - деди Турсунбеков.

 

Маалымат каражаттарында анын ордуна КСДПдан Иса Өмүркулов, Аскарбек Шадиев («Бир Бол»)  жана Дастан Жумабеков («Кыргызстан») келиши мүмкүндүгү айтылууда. Басым азырынча Дастан Жумабековго ташталып турат.