«Ислам кайра жаралуу» партиясынын Тажикстан аймагындагы теракттарга катышкандыгы документалдуу түрдө далилденди.

Иранда Уильям Шекспирдин «Жай түнүндөгү түш» пьесасын койгон эки театр кызматкери кармалды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Душанбелик 17 жаштагы Аниса Иброхимова көчөдө асылып, акарат келтирген жигитке каршы арыз жазды. Натыйжада ал беш суткага камалды.

Түркстан облусунун Фердауси айлында жоолук салынганы үчүн сабакка киргизилбеген жети окуучунун ата-энеси кыздарынын документтерин алып кетти. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди.

Орусиянын 33 шаарындагы пенсия реформасына каршы жүрүштөрдө кеминде 830 адам кармалды.

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке хиджаб кийген 13 окуучу кыздын ата-энеси айып пулга жыгылды. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди.

Чет элдик велотуристтерге кол салууга айыпталган Хусейн Абдусамадовун апасы Гүлчехра Шодмонова Душанбедеги ЕККУ кеңсесинин алдында өзүнө бензин чачып, өрттөнүүгө аракет жасады.

Журналисттин айтымында, ИИМ өкүлдөрү менен болгон алгачкы сүйлөшүүсүндө ал өз позициясын түшүндүрүп берген. Экинчи жолкусунда укук коргоо кызматкерлери андан көз карашын жазуу түрүндө калтырып кетишин талап кылышкан.

Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов Орусияга каршы киргизилген санкциялар Казакстанга «түз таасир этпейт» деп эсептейт. Анын пикиринде, санкциялык шартта казакстандык товар өндүрүүчүлөр Орусия базарына чыгуу мүмкүндүгүнө ээ болушат.

Кабулдун шийиттер көп жашаган аймагындагы күрөш боюнча машыгуу борборунда кош жардыруу болуп, кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылып, 70тен ашыгы жаракат алды.

Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артикходжаев 5-сентябрда №169 мектептин 1-классынын 246 окуучусуна бекер планшет таратты.

Айыптоочу бүтүмгө ылайык, 2007-2010-жылдар аралыгында TeliaSonera компаниясынын жетекчилиги Гүлнара Каримовага жалпысынан 400 миллион доллар пара берген.

Өзбекстанда тилемчилик кылгандар жана майыптар менен кары адамдарды пайдаланып мындай «мыйзамсыз бизнес» жүргүзгөндөр жоопко тартыла баштайт. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актылар талкуулана турган порталга жарыяланган документте жазылган.

Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта төрөлгөн наристени эки аял эмизүүдө. Баланын атын Рустам деп коюшкан. Ата-энесинин айтымында, ал “Шахнаме” эпосундагы башкы каарманга окшош.

Актөбө шаарында сот Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон автобус кырсыгы боюнча кылмыш ишин карай баштады. Соттук угууларга Өзбекстандан курман болгон мигранттардын туугандары келишти.

Тажикстанда быйыл 42-45 градустук ысыктан улам дарбыздар быша электе эле талаада жарылып, жергиликтүү дыйкандар түшүм начар болуп калганына даттанышууда.

31-август эртең менен Түркмөнабад шаарында мугалимдерди пахта талаасына алып бараткан автобус жеңил унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Түркмөнстанда экономикалык каатчылык жана азык-түлүк жетишсиз болуп жаткан маалда Дашөгүз жана Лебап облусунун тургундары буудай сатып алып, тегирменде тарттырып, үй-бүлөлөрүн ун жана нан менен камсыздай башташты.

Өзбекстанда интимдик байланышы тартылган видео Интернетке жайгаштырылганы үчүн  61 жаштагы молдо Абдухамид Атажанов  милиция кызматкерлерин күнөөлөдү. Ал муну жеке жашоого кийлигишүү деп эсептейт.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер демократтар ноябрдагы аралык шайлоодо жеңишке жетишишсе, анын саясий багытын “күч” менен үзгүлтүккө учуратышат деп эсептейт.