«Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси 13-ноябрдан тарта ырчы Шахло Ахмедованын чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салды.

АКШнын аскердик артыкчылыгы кооптуу деңгээлге чейин кыскарды, анын натыйжасында Америка Орусия жана Кытай менен болгон согушта утулуп калышы ыктымал.

Самаркандда алты жаштагы кыз эки айлык бөбөгү жаткан бешикти өрттөп жиберди.

«Тоскоолдуксуз шаар» тобунун Казан шаары боюнча координаторлору Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Idel.Реалии» сайты жазды.

Улуу Британияда сот жалпы баасы 400 миң фунтка бааланган 50гө жакын зер буюмду камакка алуу чечимин чыгарды. Алар Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысы Жахангир Гажиевдин жубайы Замира Гажиевага таандык болгон.

Ташкент облусунда мыйзамсыз аборт жасагандыгы үчүн пара алып жаткан акушер кармалды.

Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Казакстандын бийлигинен Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелерин бошотууга жардам берүүнү суранышты.

Тажикстан Улуттук банкынын жетекчиси Жамшед Нурмухаммадзода мигранттар которгон акча көлөмүнүн азайышы – экономиканын ар кыл тармагын каржылоодо терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Самаркандда аялдарды “кордоого” айыпталган мурдагы милиция кызматкери Санат Умуровдун соту башталды.

Бул тууралуу учурда иш сапары менен Тажикстанда жүргөн Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери Владимир Жириновский билдирди.

БУУнун аялдарды кемсинтүүгө каршы комитети тажик бийлигин сойкулук үчүн каралган жазаны жоюуга чакырды. Өлкөдө денесин сатып акча тапкандар айыппул төлөп же 15 суткага камалат.

27-октябрда социалдык түйүндөрдө колдоруна чоң кургак топурактарды кармап турган алты кишинин сүрөтү жарыяланды.

Челябинск облстук соту 30-октябрда төрт жаштар баласын тирүүлөй өрттөп, өзүн жана чогуу жашаган түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык кишиге карата өкүм чыгарды.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эгер өлкө парламенти (Улуу элдик хурал) өзүн өзү таркатууга барбаса, анда ачкачылык жарыялап же отурган абалда иш таштай турганын билдирди.

Ташкентте Алмазар райондук соту 2017-жылы ноябрда удаалаш көз жумган бир тууган үч наристенин өлүмү үчүн эки дарыгерди күнөөлүү деп тапты.

 

Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги социалдык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Интернетти жана байланыштын башка каражаттарын өчүрүүгө укук алышты.

Грузияда президенттике талапкерлердин бири дагы жеңишти камсыздай турган 50 пайыздан ашык добуш топтой алган жок. Бул тууралуу Грузия Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 99 пайызы саналып бүткөндөн кийин билдирди.

Индонезияда Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Боинг 737 учагы кыйрады. Түрдүү маалыматтар боюнча анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон.

Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын "Hürriyet" басылмасы маалымдады.

Тажикстанда жубайын мыкаачылык менен өлтүргөн Хамадони районунун тургуну Фаррух Халифаев 11 жылга соттолду. Аялдын туугандары сот өкүмүнө нааразы болуп, катаалыраак жаза талап кылышууда.