Тажикстан бийлиги Орусиядагы төрт үйлөрүнө апалары таштап кеткен үч наристени мекенине кайтарат. Тажикстан өкмөтүндөгү өз булак балдар 27-июль күнү Тажикстанга жөнөтүлөрүн айтты.

Казакстанда сот белгилүү көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адамдын бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжановго шилтеме кылып жазышты.

Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23ү колдоду.

Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарян сегиз адамдын өлүмүнө алып келген 2008-жылдагы каршылык акциясын күч менен басууга айыпталууда.

Түркмөнстанда студенттерге денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынды. Мындан ары алар узун көйнөк жана саймалуу улуттук шым кийип жүрүшү керек.

Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясына милиция жана прокуратура кызматкерлеринин ишине нааразы болуп келген аядардын тобу кармалды.

Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Түркиянын Самсун шаарында картинг унаасы менен бараткан түркмөнстандык студент кыз жаракат алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

25-июлда Орусиянын Мамлекеттик думасы эне тилдерди окутуу тууралуу мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. Документти колдоп 388, каршы 2 депутат добуш берди.

25-июлда Пакистандын батышындагы Кветта шаарында полиция кербенине каршы уюштурулган жардыруудан кеминде 28 киши мерт болду. Өлкөдө бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Президент Александр Лукашенко 24-июлда 80 өлкөнүн туристтерине Беларус аймагында 30 күнгө калууга уруксат берген жарлыкка кол койду. Алардын арасында Европанын 39 өлкөсү, АКШ, Австралия жана Жапония бар.

Москвада бычак менен куралданган Өзбекстандын эки жараны бир нече кыз ижарага алып жашаган үч бөлмөлүү батирге кирип барышкан.

Душанбеде жашаган кыз-келиндер тобу көчөдөгү эркектердин орой мамилесинен жана мазактоо сөздөрүнөн коргоо өтүнүчү менен борбордун мэрине кайрылышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Хелсинкидеги жабык сүйлөшүүсүндө орус тарапка «эч нерсе берип койбогонун» билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

"Эч качан АКШны дагы коркутам дебегин, антпесе анын кесепетин тартасыңар", - деп жазды Трамп 22-июлда "Твиттердеги" барагына.

17-июнда Мадрид соту эл аралык издөөдө жүргөн ишкер Алишер Ходиевди Өзбекстанга экстрадициялоо боюнча токтом кабыл алды. Испан соту бул чечимин Ходиевге каршы айыптоолор саясий эмес, экономикалык мүнөздө экени менен түшүндүргөн.

Тажикстан Кайра жаралуу партиясы жана “Группа 24” уюмунун жүзгө жакын мурдагы мүчөсү мекенине кайтты.

Жекшемби, 22-июлда Алматыда эки жүргүнчү автобус бетме-бет сүзүшүп, салондо отурган кишилер жабыр тартты.

Түштүк Корея соту өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хенин иши боюнча жаңы өкүм чыгарды. Ал мамлекеттик каражаттын жоголушуна жол берүүгө жана 2016-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишүүгө күнөөлүү деп табылды.

Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунда 7-класстын окуучусу төрөгөндүгү тууралуу маалыматтан кийин райондук билим берүү башкармалыгы эс алуудагы мугалимдерди мөөнөтүнөн мурда жумушка чакырды.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын туугандары учактагы жүргүнчүлөрдүн баарын түшүрүп, ага өзүлөрү отуруп учуп кетишкен.