Тажикстанда Пенжикент шаардык акимчилигинин имаратын жардырууга аракет кылган үч өспүрүм соттолду.

“Ислам мамлекети” террордук уюму 9-июлда жанкечтиси Дерра провинциясында 35 орусиялык жана сириялык аскер кызматкерин өлтүргөнүн билдирди.

Түркияда кайрадан шайланган президент Режеп Тайып Эрдоган 9-июлда Анкарада ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурацияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

8-июлда Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аялдын үйүнө барды. Мурдараак Нарбаева ал аялдын укуктарын коргоону убадалаган.

Иранда бийлеген видеосун өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган кыз кармалды. Социалдык түйүндө анын 40 миңге жакын жазылуучусу болгон.

Орусияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин июндун аягында кол койгон.

Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү шаарларда, район борборлорунда велосипед үчүн техникалык паспорт, транспорттун номуру жана айдоочулук күбөлүк талап кылынууда.

Бүгүн эртең менен Түркияда Эдирне шаарынан Стамбулга бараткан поезд Текирдаг провинциясында кырсыкка учурады.

Мигрант кашылык көрсөткөн эмес, тартип сакчылары аны жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет жасашкан. Полиция унаасынын жанында колу кишенделген дагы бир мигрант турган. Окуяга күбө болгон башка мигранттар бул учурду видего тартып алышкан.

Самарканд облусунун Каттакурган шаарындагы базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоого айыпталган тергөөчү Санат Умаров камакка алынды.

Тажикстандык аял күйөөсүн Орусиядан кайтаруу үчүн 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени атайын киргизүүгө шектелүүдө.

Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген.

Тажикстандын миңдеген жашоочусу аты-жөнүн жазууда кайрадан «-вич» жана «-ов(-ев) суффикстерин колдонууга өтүштү.

Анда кадр сыртындагы эркектин мажбурлоосу менен 35 жаштардагы келиндин чечинип жатканын көрүүгө болот.

Ташкентте Orient Finans Bank деп аталган жеке коммерциялык банкты тоноого аракет кылган деген шек менен Украинанын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстандын Шаартуз райондук прокуратурасы 10 кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурууга айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

Маргилан жана Ташкент облусундагы кыйноо окуяларынан кийин бардык балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда камералар орнотулат. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдирди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы түркмөн-ооган чек арасындагы атышууда 25тей түркмөн жоокеринин өлгөнүн маалымдады. Түркмөнстандын өкмөттүк басылмалары бул кабарды четке каккан билдирүүлөрдү таратышты.

Өзбекстандын жараны Подмосковьедеги Сатино-Русское кыштагында жашаган пенсионердин 300 миң долларын уурдап кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазды.