Тажикстанда быйыл 42-45 градустук ысыктан улам дарбыздар быша электе эле талаада жарылып, жергиликтүү дыйкандар түшүм начар болуп калганына даттанышууда.

 

 

Тажикстанда быйыл 42-45 градустук ысыктан улам дарбыздар быша электе эле талаада жарылып, жергиликтүү дыйкандар түшүм начар болуп калганына даттанышууда.

Алардын айтымдарында, өсүмдүктүн бул түрү үчүн абанын температурасы бери дегенде эле беш градуска төмөн болушу керек болчу.

 

Түшүмдүн начардыгына өлкөдө дарбыз өстүрүү менен алектенген бардык дыйкандар даттанышууда. «Эл күткөндөй түшүм болбой калды. Аба ырайы биздин каалообуздагыдай өлчөмдө түшүм жыйноого мүмкүндүк берген жок», — деп билдирди Турсунзаде шаарындагы айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Чахонгир Равшанов.

 

Дарбыздын аз экендигине байланыштуу өлкөдө баалар болжол менен эки эсеге кымбаттады.

 

Бирок Тажикстандын Айыл чарба министрлиги жакында базарларда дарбыз көбөйүп, баалар түшө турганын билдиришүүдө. Азыр абанын температурасы төмөндөп, жаңы түшүп жыйноо мезгили жакындап калды.