Же арам акчаларды актоо үчүн  жанталашкан жалаачылдар жөнүндө

 

Же арам акчаларды актоо үчүн  жанталашкан жалаачылдар жөнүндө

 

Азыр мурдагы президенттин акырынан жем жеген “Апрель”, “7-канал” телеканалдары, айрым гезиттер (атын атабасак да “Форумдун” буйрутма макалаларынан улам билип турасыздар), бир катар маалыматтык сайттар бардык мүмкүнчүлүктөрүн аракеттеги президент менен өкмөттү жаманатты кылууга жумшап атышат. Бул жерде оппозициячылдарга мүнөздүү сын эмес, жаалдуу каралап жаманатты кылуу кампаниясы жүрүп жаткандыгын баса көрсөтө кетүүбүз керек.

 

Бирок, обьективдүү чындыкты айтканда, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш,  экс-президенттин айланасындагылардан башканы күтүү да аңкоолук болмок. Анткени, экс-президент “оң колум”, “сол колум”, ”партиябыздын активдүү мүчөлөрү” деп мактап жүргөндөрдүн көпчүлүгү ири өлчөмдөгү, кылымдык деп айтылып жаткан коррупциялык афёраларды уюштуруп, ишке ашырышкан деген шек менен убактылуу кармоочу жайларында жатышат. Ал жаңжалдардын бир жак учтары  акырындап, бирок ишенимдүү түрдө экс-президент Алмаз Атамбаевге жакындап баратат. Ал да кармала турган болсо айланасындагы Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Алмаз Үсөнов, Ирина Карамушкина сыяктуулардын саясый келечектерине, жогоруда аталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жашап кетүүлөрүнө аябагандай чоң коркунуч туулат. Анткени, алар үчүн Алмаз Атамбаев дайыма каржылап туруучу банк, ал эми банк жабылып калса, аларды ким каржылайт?

 

Ошондуктан  жогоруда аталгандар “банктан” алынган каражаттарды актоо үчүн банктын ээсин мактап, жактап, анын эң жаман көргөн адамы азыркы президентти, анын соратниктерин ал күчтөрү, фантазиялары жеткенче шыбап жатышкан кездери. Алардын инсунацияларынын мазмундары кандай?

Биринчиси, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин фигуранттарын саясый куугунтукка тушуккандар катарында көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. ЖЭБде мурда жетекчилик кызматта иштегендер модернизациялоодо болжол менен 130-150 миллион доллар уурдалгандыгын айтып, айрым инструменттердин, жабдуулардын базардык бааларынан 3-4 эсе кымбатка сатып алынгандыгы аныкталган убакта, аларды саясый куугунттукка учурагандар катарында көрсөтүү жөн эле элди сыйлабагандык, эч нерсеге сыйышпаган демагогия. Кармалгандар чоң кызматтарда болушкан, бирок бири да мурда оппозицияда жүргөндөрдөн эмес. Анан кайдан алардын камалуусуна саясый түс берсе болот? Алардын күнөөсүнөн улам Кыргызстан 30%ы  гана жаңыланган ЖЭБ үчүн 500 миллион долларды төлөгөнү жатпайбы!

 

Экинчиси, алар коррупциялык жаңжалдарды эки адамдын тирешүүсү катарында көрсөтүп, айрымдары компромисске келүүгө чакырышууда. Уурдалган 150 млн. доллардын жаңжалын эки адамдын тирешүүсү катарында чечмелөө маселени одоно бурмалагандык. Бул жерде мыйзамдуулук менен мыйзамсыздыктын, адалдык менен арамдыктын ортосунда гана күрөшүү, тирешүү болууда. Бул эки категория дайыма элдешкис карама каршылыкта турат. Аларды компромисске чакыруу - кылмышты жаап жашырып, көз жумуп коюуга чакыруу болуп саналат. Мында эч кандай компромисс болушу мүмкүн эмес.

 

Үчүнчүсү, КСДПнын ичтен бөлүнүп жарылуусун да персоналдаштырып, ар кимдерден көрүшүүдө. Алар партия коррупциялык жаңжалдардан, ал бир адамдын партиясына айланып,  жетекчилигин диктатор ээлеп алгандыгынан улам бөлүнүп-жарылып, таркап кетүү коркунучуна жакындап бараткандыгын моюндагылары келбей жатышат. Мындан ары да андай демагогия улантыла бере турган болсо, “ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей, партияны таркатып тынышат. Андан көрө  партияны тазаланууга, жаңыланууга чакыргандарга кошулушса, партияга чоң жардам кылышмак.

 

Төртүнчүсү, экс-президентти колдобогондордун бардыгын анын айланасындагылар, арам акчаларды ашап жатышкан бакма ЖМКлар чыккынчылар, саткындар катарында көрсөтүшүүдө. Бул да маселени бурмалагандык, өтө эле жөнөкөйлөштүргөндүк. Кырдаал өзгөргөндө аң сезимдүү адамдардын да өзгөрүүсү шарт. Бир кечкен сууну эч ким эки жолу кече албайт. КСДПнын жетекчилигинин коррупциялык жаңжалдарга аралашкандыгы ашкереленгенден кийин анын парламенттеги фракциясынын, катардагы мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн жетекчиликке карата позициялары өзгөрдү, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында эч кандай чыккынчылык, саткынчылык жок. Муну эки идеология  боюнча ажырымдашуунун башталышы катарында гана кароо зарыл.

 

Анан айрым депутаттардын Бишкек ЖЭБиндегиден көп акчаны жегендер эмне үчүн камалышпайт, Илмияновду “из-за каких 150 тысяч баксов” камашты дегендей  жалгандарды айтып, менменсине сүйлөгөндөрү мыйзамды, элди сыйлабагандык. Кыргызстанга Бишкек ЖЭБиндегиден көп зыян келтиргендер кимдер? Андайлар бардыгын уга элекпиз. Айрымдар 15-20 миң сомду жегендери же уурдагандары үчүн камалып жатканда эмне үчүн Илмиянов “Дизель комплект”  ЖЧКсынан 200 миң доллар алгандыгы үчүн кармалбашы керек? Деги анчадан пара алгандар кармалбаса, анда кимдер кармалат?

 

Экс-президент бийликтен кеткенден кийин да КСДПнын саясый кеңеши жана “оң жана сол колдору” аркылуу  парламент менен өкмөттү гана эмес, президентти да көзөмөлдөп, аларга өз эркиндегилерди таңуулап турууну пландаштырган болчу. Анын андай пландары таш капкандан кийин айланасындагылар менен күчтөрүн арам акчалар менен каржыланган кара пиардан чыгарышууда. Анча “ораваны” бакканга оңой акча кетпеси да түшүнүктүү, бирок экс-президентте акча аябагандай көп экендиги да чындык. Бирок, аларды ал  кантип, кайдан тапкан? Эл арасында мындай суроо көп пайда болууда. Алардын булактарын аныктап, тастыктап берүү укук коргоо органдарынын милдеттери болуп саналат.

 

Экс-президенттин айланасындагылар “Алмаз Атамбаев мындан жаман кыйынчылыктардан да жеңиш менен чыккан” дегендей сөздөрдү көп айтып, өздөрүн өздөрү кайраттандырып, сүрөмөлөп келишүүдө. Анын канчасы чындык экендигин бир кудайдын өзү билет, бирок ал убактарда  Атамбаев базарга ырдап бараткан адам болсо, азыр базардан биротоло  кайтып, биологиялык, саясый жактан “сыйласын, сыйлабасын башка бирөө...” дегенге өтүп, мурдагыдай күч калбай, же бийлик жок, анын үстүнө коррупциялык жаңжалдардын жүгүнөн, алты жылда арттырган душмандарынын сүрүнөн  бели бекчейип, эки көзү чекчейип аргасы кетип, арып турган убагы экендигин да эстей жүрүшсө ашыкча болмок эмес.

 

 

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити