КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери 2012-жылдын 28-июнунда Бишкек шаарынын № 1ТИЗОсуна, ошол жерде кармалып жаткандардын жашоо шарты менен таанышуу жана арыз муңдарын угуу максатында кирип чыкты. Бул туурасында КР Акыйкатчысынын басма-сөз кызматы билдирди. 
 
Берилген маалыматка караганда, № 1 ТИЗОдо анын жетекчиси М. Жусупбеков менен жолугушуп кенен маек курулду. Ал, бүгүнкү күндө ТИЗОдо 1559 адам кармалып, анын ичинен 59 өмүр бою эркинен ажыратылгандар экендигин маалымдады. 
 
Андан кийин өмүр бою эркинен ажыратылгандар (ПЛС) кармалуучу №.№ 013, 208-камераларга кирип, ал жерде кармалып отургандар менен жашоо шарттары боюнча маек курганда, алар ТИЗОнун жетекчилерине доосу жок экендигин, тергөө сапатсыз жүргүзүлүп, кээ бир жагдайлар тергөөчүлөр жана соттор тарабынан эске алынбаганын маалымдашты. Ошондой эле эки күндө бир жолу сергүүгө (прогулкага) чыгаарын айтышты. Андан сырткары, жай айларында камераларда абанын жетишсиздигин айтып, тамак берүүчү терезелерди (кармушканы) ачып коюуларын суранышты. 
 
өспүрүмдөр кармалуучу №250 камерада 8 өспүрүм кармалып туруптур, алар убактысы менен күндө бир сааттан сергүүгө (прогулкага) чыгышат, арасынан бир соттолуучу ооруп, медициналык жардам өз убагында көрсөтүлүп жаткандыгын билдиришти. 
 
өспүрүм кыздар жана балалуу аялдар кармалган №143 камерада жалпысынан 6 аял-кыздар, анын ичинен 2 аял балалуу экен. Кармалган өспүрүм кыздардын жашы 15-16 жаш, ал эми жаш балдар 7 жана 7,5 айлык. Балалуу аялдар, ымыркай балдар үчүн атайын тамак берилбей турганын маалымдап, ошол маселени чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Бул маселе боюнча ТИЗОнун жетекчисине кайрылганда, ал бул маселени Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын жетекчилигине коерун билгизди. 
 
Андан кийин, ТИЗОнун ичиндеги айыбы бар соттолуучу жана соттолгондорду кармоочу камераларды (ШИЗОну) карап чыкты. Андай камералардын саны ТИЗО боюнча жетөө. Мониторинг жүргүзүү учурда кармалган адамдар жок болуп чыкты. 
 
fakt.kg

 КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 1-июль күнү Москва районундагы Ак-Суу дарыясына 2 адам агып кеткен.
 
ӨКМдин Беловодск айылындагы 4 суучулу 2 адамдын бирөөнүн сөөгүн алып чыгып, Москва райондук ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал Москва районуна караштуу Беловодск айылында, Крупская 27Б дарегинде жашаган Зубрилова Галина Васильевна атуу жаран болуп чыкты. Агып кеткен экинчи адам ошол эле Беловодск айылынын Победа көчөсүндө жашаган (үйдүн номери белгисиз), 2008-жылы туулган Александров Андрей Евгеньевич аттуу жаран болуп чыкты. 
 
Издөө, куткаруу иштери 2-июль күнү да улантылууда. 
 
Кабар

 

 КР ИИМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаарында Ош газ чарба башкармалыгынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Түштүк аймагы боюнча Уюшулган кылмыштуулукка жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына Ош шаарынын жашоочусу газ чарба башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылып жаткандыгы боюнча арыз жазып кайрылган.
 
Ош газ чарба башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын жашоочусунан газ колдонууда мыйзам бузгандыгы үчүн 30 миң сом пара талап кылган.
 
29-июнь күнү оперативдүү-иликтөө иштеринин жүрүшүндө башкармалыктын 2 кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
 
Бул факты боюнча КР Кылмыш кодексинин 225-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
 

 

Кыргызстандын жараны, 1977-жылы туулган Азиз Жалилов Бириккен Араб Эмираттарында 2011-жылы 15-мартта Дубай полициясына караштуу Мыйзамсыз баңги затын соодалоого каршы күрөшүү департаменти тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматынан билдиришти.
 
2011-жылдын 11-сентябрында Дубайдын соту Азиз Жалиловду баңги затын сактагандыгы жана жайылткандыгы үчүн айыптап, өмүр боюу эркинен ажыраткан.
 
Жогорку сотко апелляциялык арыз берилгенден кийин, 2012-жылдын 18-июнунда алгачкы өкүм күчүндө калтырылган.
 
2012-жылдын 25-июнунда болуп өткөн акыркы соттук отурумда БАЭде баңги затына байланышкан сот иши өтө оор кылмыштардын түрүнө киргендиктен, өлүм жазасы колдонулгандыгы эске алынып, апелляциялык арызды канааттандыруусуз калтыруу чечими кабыл алынган.
 
26-июнда КР Дубайдагы Башкы консулдугу Соттун чечимин аткаруу бөлүмүнүн башчысы Жасс Абдурахман Мохаммед менен жолугушту. Алар тарабынан кылмыш ишинин материалында А. Жалиловдун күнөөсүн моюнга алган көрсөтмөсү бар экендиги белгиленген.
 
27-июнда КР Дубайдагы Башкы консулдугунун кызматкери айыпталуучунун апасы Шахназ Жалилова менен жолугушуп, анын уулу эмне себептен кармалгандыгын түшүндүргөн.
 
Башкы консулдук тарабынан А. Жалиловдун укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча иштер улантылмакчы. Учурда кылмыш ишиндеги айрым жагдайларды аныктоо үчүн А. Жалилов кармалып турган "Аль-Авир" түрмөсүнө баруу аракети көрүлүүдө.
 
Дипломатиялык багыттар боюнча Дубайдын Башкы прокурору жана соту менен А.Жалиловду Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
 
Кабар

  Жогорку Кеңеш Кыргызстанда жол кыймылы эрежесин бузган жөө жүргөн адамдарга карата айыптын көлөмү көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизилди.
 
Жол кыймылы эрежесин бузгандар менен таштандыны туш келди ыргыткандарга карата айыптын көлөмүн көбөйтүүнү КСДП фракциясынын депутат Ыргал Кадыралиева сунуштаган. Мында жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн айып 100 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлдү. Буга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузгандар 10дон 30 сомго чейинки өлчөмдө гана администрациялык айып төлөп келишкен. 
 
Ал эми таштандыларды туш келди ыргыткандарга карата буга чейин 10 сомдон 50 сомго чейин гана айып салынса, эми аны 100 сомдон 200 сомго чейин жетти.
 
Ы.Кадыралиева мыйзам долбоорун кабыл алууга 2011-жылы катталган жол кырсыгынын 20 пайызына жөө жүргөн адамдар күнөөлү болгонун негиз кылган. Былтыр бардыгы болуп 3420 жол кырсыгы катталса, анын 500ү жөө жүргөн адамдардын айыбынан улам болгон.
 
Кабар

 

Бишкектин "Асанбай" кичирайонунун маңдайындагы "Монте Карло" ресторанында милийсанын 15тей полковник, майорлору менен милийса академиясынын 35тей бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда мушташ чыккан. Мына ошол "милийса казатта" стол сынып, гүл өстүргөн идиштер менен кошо милийса аялы менен бассейнге учуп, ресторандын коопсуздук кызматынын жигиттери таяк жеп… айтор, милийса тараптын абийири кеткен экен. Болгон окуяны көргөндөр жанына түңүлүптүр… Ал эми Академиянын начальниги Алмаз Базарбаев бул оор окуяны кебездей жеңил кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатканы. Ал окуткан немелер башында эле ушинтип жатса, ишке орношкондон кийин балээнин баарын көрсөтөт го?! Кийинки күндөрү милийса тарапта "болбос иштер" көп болуп жатат окшоду. Дал ушундай учурда министр Рысалиев мырзанын катаал аракет-чечимдери керек болуп турат. Зарылбек мырза, күнөөлүүлөрдүн моюндарын толгоп койбойсузбу…

 

"Фабула" гезити

Бишкекте автоунаа 4 жашар баланы коюп кеткен. Бул тууралуу медициналык тез жардам станциясынан бейшемби күнү билдирди.

 

«27-июнда саат 18:32де Бишкек шаарынын Исанова көчөсүндө автоунаа 4 жашар баланы коюп кеткен. Анын кесепетинен кичинекей бала жабык баш мээ трвмасын алган жана 3-балдар ооруканасына жеткирилген», - деп билдирди дарыгерлер.
 
Медициналык тез жардам станциясынан билдиргендей, өткөн сутка ичинде 563 кайрылуу түшүп, анын ичинен 108 адам ооруканага жаткырылган.
 
КырТАГ

 

  Кыргызстанда административдик камоо мөөнөтүн 15 суткадан 5 суткага чейин кыскартуу сунушталууда. Буга байланыштуу “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекске алымча-кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Турсунбай Бакир уулу, Бакыт Төрөбаев жана Ширин Айматова даярдаган. Мыйзам долбоору бүгүн парламент жыйынында каралууда.
 
Д.Бекешевдин айтымында, административдик камоо үчүн 15 сутка мөөнөтү Кыргызстанда советтик мезгилден бери колдонулуп келе жатат. “Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө мынча кмөөнөттөгү камоо каралган эмес. Муну менен катар убактылуу кармоочу жайлардын абалы начар, каражаттын тартыш болгондуктан, административдик камоо мөөнөтүн 5 суткага кыскартуу зарыл. 15 сутка кармоо мамлекеттин бюджетине гана оорчулук келтирет”, - деп айтты депутат.
 
Мындан тышкары административдик камоо колдонулбай турган адамдардын категориясына түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, административдик камоо 18 жашка толо электерге, кош бойлуу аялдарга, 14 жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга жана бринчи экинчи топтогу майыптыгы бар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес экени белгиленген. 
 
Кабар
 

 

 КР ИИМ Академиясынын окутуучусу пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 25-июнда ИИМдин Ички коопсуздук кызматына аталган окуу жайдын курсанты кафедралардын биринин окутуучусу пара түрүндө акча талап кылгандыгы үчүн чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө Академиянын кызматкери даттанган курсант ал жок кезде башка окутуучуга экзамен тапшыргандыгын билип, анын күбөлүгүн алып койгондугу жана бир миң сом талап кылгандыгы аныкталды.
КР КЖКнын 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (Пара талап кылуу) бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.
 
Ушул эле күнү ИИМ ички коопсуздук кызматы тарабынан аталган окуу жайдын башка кафедрасында да прокуратура органы менен биргеликте текшерүү жүргүзүлүп, полковник наамындагы кафедра окутуучусу 1 миң сом пара алгандан соң кармалган. 
 
Пара алган окутуучулар Бишкек шаардык прокуратурасына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
 
Кабар
 

 

Мамлекеттик органдарда 2010-жылкы июнь коогалаңында жарадар болгондордун так сан жок. Бул боюнча, 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад облусундагы июнь айындагы коогалаңда жапа чеккендерге жардам берүү жана чара көрүү боюнча кереге кеңеште «Кылым шамы» корунун координатору Айбек Тойтуков билдирди.
 
Анын айтымында: Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяда жарадар болгондордун санын 1900 деп берген. Ал эми, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 1540 киши. Ортодогу айырма 360 кишини түзөт.
 
Айбек Тойтуковдун мааалыматында: жарадар болгондордун 1321и 50 миңден 100 миң сомго чейин жалпысынын 75 миллион сомдон ашык жардам алышты. Калган 219 киши өздөрү жардамдан баш тарткандар, же материалдык жардам алуу үчүн тийиштүү кагаздары такталып жаткандар.
 
24.kg
 

 

  Кыргызстанда Микрокаржы уюмдарынын ассоциациясы акыркы учурда адамдардын уюшкан тобу микрокредиттик компаниялардын кеңселерине кол салып жатканын белгилешип, бул багытта чара көрүү өтүнүчү менен Президентке, Премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган ассоциациянын аткаруучу директору Наргиза Жолдошева билдирди.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөн ашык микрокредиттик уюмдар бар. “Бул компаниялардын баары тегиз акыйкат жана таза иштеп жатат деп айта албайбыз. Арасында элди алдап жаткан компаниялар да бар”, - дейт Н.Жолдошова.
 
Белгилүү болгондой, Микрокаржы уюмдарынын ассоциациясына 500дөн ашык компаниянын ичинен 32си гана кирген жана алар мындай компаниялардын кредиттик портфелинин дээрлик 80 пайызына ээлиш кылышат. 
 
Н.Жолдошова учурда микрокредиттик компаниялардын 500 миңге чукул кардарлары бар экенин белгилеп, түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан чара көрүлөөрүнө ишенгендигин айтты.
 
Кабар

 

Жолду мыйзамсыз жапкан тартип бузуучу, 3 миң сом айып төлөөгө мажбур болот. Бул тууралуу өкмөт сайтында жарыяланган «Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске кошумчаларды киргизүү» мыйзам долбоорунан маалым болгон.

 

Маалымдалгандай, өкмөт «Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске кошумчаларды киргизүү» мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам долбоорунда жолду мыйзамсыз жапкан тартип бузуучу 3 миң сом төлөөгө мажбур болот.
 
Белгиленгендей, ушундай эле тартип бузууга юридикалык тарап барган болсо 50 миң сом төлөөгө мажбур болот. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.
 
«Бүгүнкү күндө жолду бууп салган абалдар өтө кеңири тараган. Жолду жабуу менен кээ бир жарандар өз талаптарын бийликке жеткирүү аракеттерин көрүшөт. Бул жарандар мындай кадамга баруу менен башка бир жарандардын укугун бузуп жаткандарын эске алышпайт», - деп айтылат мыйзам долбоорун негиздөөчү маалым катта.
 
Мыйзам долбоорунун автору КР адилет министрлиги, бул ченемдик актты премьер-министрдин тапшыруусу менен дайындаган.
 
Белгилей кетсек, административдик айып пул салууга ички иштер органдарынын башчыларынын жана алардын орун басарларынын, аймактык бөлүм башчыларынын жана милиция инспекторлорунун участковыйларынын, башкармалардын башчыларынын жана бир катар мам. автоинспекция кызматкерлеринин акысы бар.
 
КырТАГ
 

 

Бишкектеги Биринчи май райондук соту депутат Нариман Түлеевди Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга - 21-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Мамлекеттик айыптоочу тарап Түлеевди Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнгөн болчу. Түлеевдин адвокаты Султан Баратов соттун чечимине макул эместигин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын кабарлады. 


“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Түлеевди сот залынан дароо тергөө абагына алып кетишти. Чечимди имараттын сыртында күтүп турган депутаттын колдоочулары кескин айыптоо менен кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда. 

Депутат өткөн бейшембинин кечинде суракка келген жок деген жүйөө менен кармалып, айрым депутаттардын кийлигишүүсү менен кайра бошотулган. Ишемби күнү суракка келип, анын жыйынтыгында 48 саатка камалып, мөөнөт бүгүн аяктаган болчу.
 
Азаттык

 

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун жашоочусу К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анткени үстүбүздөгү жылы 20-июнь күнү саат 10:00 чамасында З. жана А. аттуу эки жигит кысым көрсөтүп, коркутуу жолу менен ага таандык болгон «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү автоунаасын документтери менен кошо тартып алган. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Бул кылмыш иши Ош ШИИБы тарабынан каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
 
Оперативдүү–иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты боюнча К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Кара-Суу районунун «смотрящийи» 32 жаштагы А.З. аттуу жаран жана 28 жаштагы Кара-Суу районунун жашоочусу колго түшүрүлдү.
 
Кармалган жарандар учурда Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул эки жарандын башка кылмыш иштерине тиешеси бар, жоктугун аныктоо иштери жүрүп жатат.
 

Бишкек,  “Саясат.kg”. "Мак-2012” операциясынын алкагында, Кыргызстанда 2012-жылдын 18инен 21-июнуна чейинки төрт күн аралыгындагы ички иштер органдары башка мекеме жана кызматтар менен бирдикте «Өткөрүү» ыкчам-алдын алуу иш чарасы жүргүзүлгөн. Ага жалпысынан 1500дөн ашуун милиция жана Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери катышкан. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин Баңгизаттарга каршы бөлүмүнүн  башчысы Александр Иванов маалымат жыйынында билдирди.
 
Операциянын жүрүшүндө, ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан баңгизатка байланыштуу 179 кылмыштын бети ачылып, 2 даана ок атуучу курал табылган. 

Баткен шаарында өткөн аптадагы тополоңго катышкан 150 адамдын 120сы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын 15и кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, 21-22-июнь күндөрү тажик жарандарын барымтага алуу, тополоң уюштуруу аракеттери боюнча жалпы 6-7 кылмыш иши козголду. “Азыр облуста кырдаал тынч, кооптонууга негиз жок”, - деди Эратов. 


20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын Исфара районунда ири көлөмдөгү сымап алып жүргөн денп кармалып, эртеси кармалгандардын жакындары Кыргызстандын аймагына келген 19 тажик жаранын барымтага алган. Барымтадагылар ошол эле күнү милициянын кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар ортосунда карама-каршылык чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкерине ок тийип, жаракат алган эле.
 
Азаттык

 

 КР ИИМ Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын начальниги Тилек Алибаев 23-июнь күнү Башкы прокуратура кызматкерлери тарабынан суракка алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
 
ИИМ маалыматына ылайык, алдын ала билдирүү боюнча, Т.Алибаевдин суракка алынышы анын кызматкерине карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон. Ошондуктан аны ишемби күнү саат 11 чамасында Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына жеткиришкен.
 
Ошондой эле өз жетекчисин колдоо үчүн Башкы прокуратуранын имаратына ИИМдин аталган башкармалыгынын ондогон кызматкерлери барышкан. Ошол учурда ал жерде камакка алынган ЖК депутаты Нариман Түлеевдин да тарапкерлери болушкан.
 
Министрликтен билдиришкендей, Т.Алибаев Башкы прокуратуранын имаратында күндүзгү саат 16га чейин кармалган.
 
Кабар

 

 

Баткен облусунун борборунда азыр кырдаал тынч экенин, милиция күчөтүлгөн тартиптеги ишин улантып жатканын “ Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбеков билдирди. Анын айтымында, 21-22-июнь күндөрү тажик жарандарын барымтага алууну уюштурууга жана эки күн мурдагы тополоңго тиешеси бар делген эки адамды издөө иштери жүрүүдө. Азыр бул окуяларга катышканы шектелген 5 адам кармалып турат. Ошондой эле тополоң чыккан Баткен шаарынын Базар-Башы конушунун тургундарына түшүндүрүү иштери уланууда. 


20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын кошуна Исфара районунда ири көлөмдөгү (90 кг.дан ашуун) сымап алып жүргөнү үчүн кармалган. Анын эртеси күнү кармалган адамдардын жакындары Баткендин чек арадагы Кара-Бак айылына базарга келген 19 тажик жаранын барымтага алып, Тажикстанда кармалгандарды бошотуу талабын койгон. Барымтадагылар ошол эле күнү милиция кийлигишүүсү менен бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөн. Бирок эртеси, 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Тополоңдо бир милиция кызматкерине ок тийип, жаракат алган.
 
Азаттык

 

Кыргызстанда баңгиликтин алдын алуу боюнча иш жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде “Борбор Азия чөлкөмүндө баңги затын таратууну токтотуу” программасынын өкүлү Александр Зеличенко билдирди.
 
“Чет өлкөлөрдө баңгиликти алдын алуу боюнча иштер бала бакчадан башталат. Мектеп окуучуларына, университеттерде студенттерге анын зыяндуулугу тууралуу маалымат берилип, көп иш чаралар уюштурулат. Бизде мындай иштер жокко эсе. Балдарга кичинекейинен баңгинин зыяндуулугу жөнүндө туура маалымат берүү зарыл”, - деди ал.
 
А.Зеличенко мектептердеги класстык сааттарда бул көйгөй бир жылда бир ирет эле көтөрүлүп, кийин унутулуп калаарын жана пландуу түрдө иш жүргүзүлбөй тургандыгын айттты.
 
Кабар
Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, коррупция үчүн айыпталууда. Бул нормага карата депутаттык кол тийбестик укук жараксыз деп бүгүн Баш прокуратура билдирди. 

Түлеевди кечээ кечинде Баш прокуратурага суракка алып келишкени, бирок Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Алтынбек Сулайманов, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов, Элмира Иманалиева, Анарбек Калматов, Нургазы Айдаров, Дастан Жумабеков, Жыргалбек Саматов жана Каныбек Иманалиев аны алып чыгып кетишкени айтылууда.

Бирок Баш прокуратура Түлеевдин айыбы боюнча анын кол тийбестиги жараксыз экенин билдирди. "Себеби ал Бишкек шаарынын мэри болуп турганда, 2008-жылы Кытайдан шаардыктарды тейлөө үчүн автобус саттырып келип, 50 миллион сомдук зыян келтирген жана муниципалдык облигацияларды чыгарууда да мыйзам бузган" деп эсептейт Баш прокуратура.

Нариман Түлеев кечээ  бошотулгандан кийин журналисттерге прокуратура имаратынын ичинде эч нерсе тууралуу сүйлөшпөгөндүгүн айтты. Бирок кол тийбестик укугуна шек келгенин белгилеп, бул окуя боюнча сотко, керек болсо Европа комиссиясына  кайрыла тургандыгын билдирди:
 
Буга чейин бир да жолу тергөө иштерине чакырышкан эмес. Алардын артынан 3 ай жүрдүм, жактоочум да жүрдү, бизге эмне сурооңор бар деп. Эч кандай маалымат жок, - деди Түлеев.
 
"Азаттык"