Бишкектин четиндеги №31 колонияда "таза зона" иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Аталган колонияда кургак учук менен ооругандар кармалат. Атайын дары алып турушат. Ал эми анын ичиндеги "таза зонада" элүүдөй киши кургак учуктан гана эмес, баңгиликтен жана аракечтиктен да дарыланат. Долбоорду ишке ашырууга БУУнун программасы жардам берүүдө. 
 
"Азаттык"
Бишкекте жылдын башынан тартып 32 өспүрүм кыз бойго бүткөндүгү катталды. Жумада Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
 
«Жыл сайын 14-16 жаш курактагы өспүрүм кыздардын бойго бүткөндүгү катталууда. 2011-жылы 118 учур катталган (2010-жылы – 132). Бул жылдын биринчи кварталында өспүрүмдөрдүн арасында 32 учур катталды», - деп билдирүүдө айтылат.
 
Жалпысынан, Бишкекте аялдардын саны 579 235 адамды түзөт, алардын ичинен бала чактагылары 344528 (60%), өспүрүм кыздар 23220 адамды түзөт.
 
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда жыл сайын төрөттөрдүн саны көбөйүүдө деп белгиледи. 2011-жылы – 20 миң (2010-жылы – 19 миң төрөт); 2012-жылдын 1-кварталында – 5114 төрөт.
 
Адистерди бойго бүткөн аялдардын ден-соолугунун абалы кабатыр кылууда. «Бойго бүткөндүгү боюнча диспансердик эсепке алынган аялдардын 93,9%ында экстрагениталдык патологиясы бар болуп чыкты. Анемиясы бар болгондор – 56%, бөйрөктөрү ооругандар – 10%, жыныстык катнаш аркылуу өтө турган инфекциясы бар – 58%.  Тубаса оорулардын өсүшү байкалууда, 1-орунда тубаса жүрөк оорусу, 2-орунда борбордук нерв системасынын оорусу, 3-орунда бир нече тубаса оорулар турат», - деп саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
 
Бүгүн, 20-апрелде, профилактикалык чаралардын бири катары Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун акушер-гинекологдору баардык каалаган аялдарды акысыз медициналык кароодон өткөрүшүүдө.
 
КырТАГ
Бишкек, "Саясат.kg". "Акыркы убактарда ажо Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшөлү деген чакырыгы жөн эле куру кыйкырык болуп калды окшойт. Идея сөз жүзүндө сүйлөнгөнү менен ишке келгенде эч нерсе жок",- деп жазат "Брендньюс" сайты.
 
Маалыматта белгиленгендей, мындан бир нече убакыт мурун Аламедин районунун мамкаттоо кызматынын жетекчиси Картаңбай Мусаев “Кара-Жыгач” айыл өкмөтүнүн башчысынан 19 миң доллар жашылбайды кымырап жаткан жеринен укук коргоо кызматкерлеринин кылтагына илинген.
 
"Көрдүңөрбү, бир район мамкаттоо кызмат башчысынын “аппетитин”! Район бийлигиндеги эргулдардын алган “ставкасы” ушул болсо, анда облус, мамлекеттик масштабтагы чиновниктердин “ставкасы” канча болду экен? Мусаевге окшогон мамчиновниктериң президент Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн уруп да ойнобой, “алмай-бермей” саясатын өркүндөтүп жатышкандыгы, баарынан да Мусаев учурда билмексен боло кызматында былык этпестен олтурганы кызык ээй! Бул боюнча Мусаевдин башкы шефи Эмил Алиев кабардар болду бекен? Же Мусаевдин көмүскөдөгү “атакеси” Алиевби? Айтор, кызык эле жагдайлар болууда",- деп белгилеген "Брендньюс" 
Бишкекте унаа 9 жашар баланы коюп кетти. Бул тууралуу КырТАГга бейшембиде медициналык тез жардам станциясында маалымдашты.
 
«Өткөн шаршембиде эртең мененки саат 7:14тө Ахунбаев-Беларусь көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы болду. Анын жыйынтыгында, 9 жашар бала жабыркады. Баш мээсинин чайкалышы жана денесинин ар кайсы бөлүгүндөгү көгөрүүлөрү менен ал 4-шаардык ооруканага жеткирилди», - деп тез жардам станциясында маалымдашты.

«Ак-Босого» жаңы конушунда 35 жашар кишини унаа коюп кетти. омурткасынын бел бөлүгүндөгү жабык сыныгы, көгөрүүлөрү менен жабыркаган адам ооруканага жеткирилди.
 
Тез жардам станциясында маалымдашкандай, өткөн суткада 492 кайрылуу келип түштү, 103 адам ооруканаларга жеткирилди.
 
КырТАГ
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 18-апрелде Араван каналына түшүп кеткен Карим Темирбаевди издөөгө ӨКМнын куткаруучулары  тартылган. Темирбаевдин жансыз сөөгү табылып, бүгүн, 19-апрелде туугандарына берилди. 
 
azattyk.org
Март айында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөдөн маалымат түшкөн. Анда шаардагы моделдик агенттиктердин биринин фотосүрөтчүсү, өспүрүм кыздарды алдап жылаңач сүрөткө тартып, акча өндүргөнү жазылган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, милиция тарабынан ал алган убактылуу батир тинтүүгө алынып, компакт-диск, ноутбук жана жылаңач кыздардын сүрөттөрү алынган. Экспертизанын тыянагы боюнча, бул сүрөттөр порнографиялык мүнөзгө ээ деп табылган. 

Сүрөттөгү кыздардын бирөөсүнүн өздүгү тастыкталып, 13 жашар кыздын энеси милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. 
 
 
"Азаттык"
Беловодское айылында жайгашкан №16- Жаза аткаруу абагына жолугушуу үчүн келген Л.Х. аттуу казак аялды текшерүү учурунда 1грамм героин табылган. 
 
Бул туурасында Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирген. Ал 5 жыл 3 айга кесилип, жазасын аткарып жаткан А.Т. аттуу адамга баңги затын берүүгө аракет кылгандыгын мойнуна алган.
 
Бул факты боюнча материалдар Москва райондук ички иштер бөлүмүнө жиберилди. 
 
Кабар
2011-жылы Кыргызстанда 175 миң автомашина катталган. Бул тууралуу  “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги Рустам Бекитаев билдирди.
 
Анын айтымында, автоунаалардын көбөйүшү менен жолдордо авариялар күч алууда. “Кырсыктар айдоочулардын жол эрежесин билбегендиктен болуп жатат. Айдоочулардын көбү айдоочунун күбөлүгүн сатып алышып, эрежени одоно бузушууда. 2012-жылдын биринчи кварталында Бишкекте 268 жол транспорт кырсыгы катталып, анда 15 киши каза таап, 302 жаран ар кыл даражадагы жаракат алышып, ооруканага жаткырылган”, - деди ал.
 
Р.Бекитаев мектеп окуучулары, жөө жүргүнчүлөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ал мындан тышкары, автоунааларынын терезелерин караңгылап жүргөндөргө каршы күнүгө рейд уюштурулаарын билдирди.
 
 
Кабар
 
КР Башкы прокуратурасы “Электр станциялары” ишканасы үчүн Казакстандын Кулан кенинен тартылып келинген уулуу таш көмүр боюнча бардык ишти изилдеп, аяктады. Бул туурасында прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Анын жыйынтыгы боюнча КР Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге КР Кылмыш кодексинин 316 статьясынын 1-бөлүгү менен кылмыш ишин козгоду.
 
Буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттардан түзүлгөн атайын комиссия уулуу таш көмүрдүн Кыргызстанга ташылып келиши туурасында иликтөө ишин жүргүзүп, А.Шадиевдин эч кандай күнөөсү жок деген жыйынтык чыгарган.
 
 
Кабар
Бишкек, “Саясат.kg”.  Талас облусунун Манас районунда беш жашар кызды зордуктап кеткен факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.
 
 11-апрель күнү болжол менен түнкү саат 23лер чамасында Манас районундагы айылдардын биринде белгисиз адам күч колдонуу менен жергиликтүү жашоочулардын биринин 2007-жылы туулган кызын зордуктаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түп көтөрүлө, кылмышкерди издөөгө алган. Эртеси күнү участкалык инспектор кылмышка шектүү 24 жаштагы эч жерде иштебеген Манас районунун тургунун колго түшүргөн. Бул боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 129 беренесинин 129 бөлүгүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши ачылып, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
 
Ден соолугуна доо кеткен беш жаштагы кыз ооруканага жаткырылып, учурда операцияга даярдалууда. Алдын ала маалыматтар боюнча кошунасынын үйүнө жардам берүү үчүн кеткен аялдын үйдө жоктугунан пайдаланып, үйүнө кирип, зөөкүр уктап жаткан кызды зордуктап, изин жашырган.
 
Эске салсак, кичинекей кыздарды зордуктоо фактылары буга чейин бир нече жолу Бишкек шаарынан катталган эле. 
Бишкек, “Саясат.kg”.  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептердин биринде мугалим мектеп бүтүрүүчүсүнө кол көтөргөн.
 
Нарын облустук прокуратурасы мектеп окуучусунун сабалгандыгы боюнча чоң энеси доо арыз менен кайрылган мектеп директору Эсенбек Сатыбалдиевтин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Бирок, баланын ата-энеси ал кызматынан бошоп кеткенден кийин доо арызын кайтарып алып, уулун “аттан жыгылган экен” деп ишти жайгарганга аракет кылышкан. Ал эми директор бул боюнча пикир айтуудан баш тарткан. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, директор окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүп койгон болушу мүмкүн. Сөз арасында баланын чоң энеси алардын үй-бүлөсү баланын сабалышы тууралуу фактыны жашырып коюуну чечишкендигин билдирген. Ал эми атасы Акылбек Жунусакун уулу ал аттан жыгылганда үйдө жок болгондугун айткан. 

УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 14-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Бишкек шаардык прокуратурасынын биргелешкен аракетинин натыйжасында Соттук департаменттин Чүй облусу боюнча Башкармалыгынын соттук аткаруучусу Б.А. пара алып жаткан жеринен кармалган.
 
Маалымат боюнча, кармалган адам Аламүдүн райондук сотунун аткаруучу барагынын оң чечилиши үчүн акча талап кылган.
 
Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган пара талап кылуу, жана 304-берененин 2-бөлүгү менен каралган кызмат абалынан пайдалануу боюнча кылмыш иши козголуп, Б.А. Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
 
Учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, 16-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамдын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
 

Чүйдүн Кемин районундагы Орловка айылында өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, өрт чыккан жерде 1964 жылы туулган Сергей Чуйконун күйгөн денеси табылган. Алдын ала маалымат боюнча, кырсык чыккан учурда ал мас болчу. Өрт тамекинин чогунан тутанган.

 

Азаттык
 

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда бүгүн РСК Банктын кассиринин өлтүрүлүшү боюнча иш каралганы жатат. Кабарчыбыздын айтымында, сот имаратынан алдында маркум келиндин жүздөй тарапкери, туугандары чогулуп “Мыкаачыга өлүм!”, “Киши өлтүргөнгө биздин арабызда орун жок” деген жазуулар менен турушат. 

Быйыл 26-январда РСК Банктын Айдаркендеги бөлүмүндө кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгону айтылган. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов болуп чыккан.
 
"Азаттык"
13-апрелде Жалал-Абад шаарында аялын бычактаганга шектүү Сузак районунун Жийде айылынын 53 жаштагы тургуну И.П кармалды. Бул туурасында областтык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы, милициянын подполковниги Талайбек Сусунбаев билдирди.
 
Маалыматка караганда аялын кызганып, павильондо эт сатып турган жеринен аш бычак менен денесине 15 жолу сайган. Денесинен алган оор жараттан улам аял ошол жерде каза болгон.

Ошондой эле, аларды ажыратууга аракет жасаган Сузак районунун Благовещенко айылынын 40 жаштагы тургунун оң колунун билегине, ичине жана Сузак районунун Жийде айылынын 36 жаштагы тургунун мойнуна, жаагына жана ичине бир нече жолу бычак менен сайып жиберген, натыйжада денесине алган жаратынан шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Кылмышка шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
 
 
Кабар
Кыргызстандын прокуратура органдарында 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча изилденип жаткан иштер жок экенин, бүгүн Жогорку Кеңештин бир катар комитеттеринин биргелешкен отурумунда башкы прокурор Аида Салянова билдирди.
 
Анын айтымында, июнь окуясы боюнча бир топ иштер токтотулуп турат. Анын ичинде 40 иш боюнча жабыркагандардын өздүгү аныкталып, бирок жашаган жери белгисиз бойдон калууда. Ал эми 3 миңден ашык иш боюнча адамдар такталбагандыгы негиз болуп, иш токтотулуп турат.
 
Белгилей кетсек, отурумда «2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы боюнча маалымат угулууда. 
 
 
Кабар
“Прокуратура органы 2010-жылдын апрель окуясынан кийин “Азияуниверсалбанктын” ячейкаларынан алынган акчанын мыйзамдуулугун эмес, кандай пайдаланылгандыгын карап жатат”. Бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңештин бир катар комитеттеринин биргелешкен отурумунда башкы прокурор Аида Салянова билдирди.
 
“Биз аталган банктын ячейкалары боюнча маселени караганда эки жагдай бар экенин унутпашыбыз керек. Биринчиси, акчаны алуунун мыйзамдуулугу болсо, экинчиси алынган акчаны пайдалануу маселеси. Башкы прокурор катары мен экинчи маселени карадым. Биз мыйзамдуулугун караган жокпуз. Анткени анын баары Убактылуу өкмөттүн декреттери, токтомдору менен алынган. Мен Убактылуу өкмөттүн ишине баа бере албайм. Бааны прокуратура бербейт”, - дейт А.Салянова.
 
Анын айтымында, прокуратура органдары “Азияуниверсалбанктын” ячейкалары боюнча иликтөө-экспертизасын жүргүзүшкөн. “Банктын бир ячейкасына 2 миллион сомго жетпеген акча бата турганы аныкталган. Мында көпчүлүк ячейкаларда 1 миллион 900 миң сомдой акча болгон. Ар бир ячейкага акча нык толтура салынган. Анткени аны араң чыгарып алышканы белгилүү болду. Ячейкаларды ачууда укук коргоо органдарынын да, банктын да кызматкерлери болгон жана алар бири-бирин аңдып, карап турушкан”, - деп кошумчалады Башкы прокурор. 
 
Эске сала кетсек, апрель жана июнь окуяларын иликтөө боюнча депутаттык комиссия апрель окуясынан кийин үч банктан – “Манас банк”, “Бакай банк” жана “АзияУниверсалБанктан” 19,4 миллион АКШ доллары, 635 евро жана 2,9 миллион сом көлөмүндө акча алынгандыгын тактаган болчу. Бардык алынган акча каражаты Улуттук банктын сактоосуна берилген. Улуттук банк 2010-жылдын 14-майынан 6-октябрына чейин Убактылуу өкмөт жана президенттин буйруктарын аткаруу максатында бир нече жолу акча алынганын билдирген. 
 
Кабар
2010-жылдагы июнь окуясында каза болгон 21 адамдын өздүгү аныктала элек. Мындай маалыматты бүгүн Жогорку Кеңештин бир катар комитеттеринин биргелешкен отурумунда башкы прокурор Аида Салянова билдирди.
 
“Мында үч адамдын денеси күйүп кеткендиктен, биз сүйлөшкөн мамлекеттер ДНК-анализ жүргүзүүдөн баш тартып жатышат. Анткени бул учурда адамдын өздүгүн аныктоо кыйынга турат”, - дейт Башкы прокурор.
Анын айтымында, дайынсыз жоголду деген 18 адам такталган менен, туугандары берген анализ туура келбей калган. “Натыйжада кайра экспертиза жүргүзүү үчүн башка туугандарынан анализ алынууда. ДНК-анализ Кытайда же Түштүк Кореяда жүргүзүлөт. Буга чейин мындай анализ Кытайда жасалган. Эми Түштүк Корея да өз макулдугун берди”, - деп айтты А.Салянова. 
 
Белгилей кетсек, отурумда «2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы боюнча маалымат угулууда. 
 
Кабар
Бир жылда Кыргызстанда 16 миң кыз ала качуу болот жана алардын жарымынан көбү ажырашуу менен аяктайт. Акыры өлүм менен бүткөн окуялар да бар. Зордук менен нике кыюу аракетинен улам Ысык-Көл облусунда соңку алты ай ичинде эки кыз өз жанын кыйган. Акыркы мезгилде ала качуунун саны кескин өсүп келүүдө. Азыртадан белибизди бекем бууп, ага каршы катуу чараларды көрбөсөк, келечекте кейиштүү жыйынтыктар боло турганы көрүнүп турат.
 
Ала качуу  2 кыздын жанын  алып тынды
 
Ысык-Көл жергесиндеги зордоп ала качуунун айынан өз өмүрлөрүн кыйган эки кыз калк ичинде катуу чуулган жаратты.
 
Ошол кыздардын бирөөсү Михайловка айылынын тургуну болгон. Апасынын айтканына караганда, кыз ал жигит менен турмуш курууга макул болгон эмес. Өзүнүн макулдугусуз тааныбаган бирөөгө жар болуудан өлүмдү артык көргөн секелек кыз намысына чыдабай үч ай жашаган соң, өз өмүрүн өзү  кыйып отурат. Бул жоготуудан кийин анын ата-энесинин көз жашы алигиче кургай элек деп айтылат “Азаттыктын” билдирүүсүндө.
 
Акыйкатчы институтунун айтуусуна ылайык, жылына Кыргызстанда 16 миңден ашуун ала качуу болот. 2007-жылы кризистик борборлорго жардам сурап 8642 аял кайрылган болсо, 2008-жылы бул сан 13543кө жана соңку жылдары 16 миңге жеткен. Мындай көрсөткүчкө карабас­тан ар бир 700 окуянын бирөөсүнө гана кылмыш иши козголот. Ооз­дорунан “ал кылмыш” деген сөздү укканыбыз менен ишке келгенде азайгандын ордуна, тескерисинче, көбөйүп “модага” айланган.
 
“Ар бир  кадамымды аскерлерге аңдытып койчу...”
 
Ала качуунун кесепетинен жапа чегип, турмушу талкаланган кыздардын көп экендиги элге маалым.
 
Алардын арасында “жашоо арабасын” өздөрү тартып жүргөндөрү болсо, кайрадан турмуш куруп үй-бүлөлүк бакыт ичинде жашагандары да бар. Ушундай тагдырга кабылып, күйөөсүн таштап, кызын жалгыз өстүрүп жаткан Саипова Нурайымды кепке тарттык. Нурайым жыйырма жашта, ажырашканына бир жылдын жүзү боло элек. Болочок жолдошун бир гана жолу көргөн, экинчи жолу көрүшкөндө ала качып кеткен. Ажырашуусунун себебин күйөөсүнүн кызганчаактыгы деп түшүндүрдү:
 
“Жолдошум өтө кежир болчу. Той-топурга барганда да аягына чейин отургузбай чакыртып алат эле. Анын үстүнө, биздин айыл чек арага жакын болгондуктан бизде чек ара бөлүкчөсү бар. Жолдошум ал жерде начальник болуп иштейт. Бир жерге жөнөгөндө мага сөзсүз бир жоокерди кошуп берчү. Ар бир кадамымды текшерип турчу. Айылыбыздын ортосундагы көз салуучу мунарада отурган солдаттар менин каякка барганымды ага жеткирип турушчу.
 
Ажырашуубузга ала качуу да өз кесепетин тийгизди. Анткени, экөөбүз сүйлөшүп туруп турмуш курсак башкача болмок беле? Андай болгондо мен ага тийбей коймокмун. Ошол күйөөмдүн айынан азыр жапа чегип жүрөм. Ата-энем менин кайтып келгениме өчөшүп, окуумдун акысын төлөбөй коюшту. Сессияма да жардам беришпейт. 2 жаштагы кызымды жалгыз бой багып жатканыма карабай, окуумду да, ишимди да бүтүрүү аракетиндемин.”
 
“Үйдө апама жардам бере турган  эч ким жок эле...”
 
Ала качуунун күнөөкөрлөрү болгон уландарга “эмнеге?” деген суроого жооп алууга аракет кылдык.
 
Анын да көп себептери бар. Кээ бирөөлөр «Сүйлөшкөн кызымды ала качкам”, – деп колун жайышса, айрымдары жооп бе­рүүдөн баш тартышты. Ор­тодо кызык суроо пайда болду. Киши сүйлөшкөн кызын эмнеге ала качмак эле? Же кызы каршы болбосо? Адистердин айтуусуна караганда анын себеби кыздын же анын ата-энесинин үйлөнүүгө каршылыгы, же өздөрүнүн материалдык жетишсиздиги болуп чыкты.
 
“Шашылыш ала качуумдун бир себеби, үй-бүлөлүк көйгөйлөр болуп калды деп айтсам болот”, – дейт 32 жаштагы эки кыздын атасы Асылбек Анарбаев. Ал сүйлөшкөн кызын ала качуусунун себебин төмөндөгүдөй айтып берди:
 
“Атам жок, эжем турмушта. Эки байкем жана башка туугандарым болсо Орусияда. Ошондон улам үйдө апама жардам бере турган эч ким жок эле. Дагы бир жагдай, менин сүйлөшкөн кызымды ала качабыз деп, мага окшоп күтүп тургандар да болсо керек. Аны менен бир аз жашап, туугандар келгенден кийин тойду өткөрүп алабыз деп ойлогом. Менин оюмча, ала качуунун биздин маданиятка кереги жок. Бирок, убагында мындай нерсе оюма келген эмес экен. Сүйүүнүнбү же жаштыктын кү­чүбү, билбейм, айтор тезирээк ала качууга шашыптырмын».
 
Ала качуудан бакыт тапкандар да жок эмес
 
Ала качуунун кыргыздарга керек экендигин айткандар да чыкпай койгон жок. Беш кол тең эмес дегендей, өмүрлүк жарын ала качып алып бактылуу жашап жаткандар да четтен чыгат.
 
Өзүн Каныкей деп тааныштырган эки баланын апасы кээде түшүнбөстүктөр болгонуна карабастан, күйөөсү жана балдары менен бактылуу жашоо өткөрүп жатканын айтат. Анын курбу кызы жигит менен алысыраак тууган болгон. Каныкейди ала качууну да ошол кыз сунуштаган экен. “Мен күйөөмдү мурун бир дагы жолу көргөн эмесмин. Мени ала качканда чыркырап ыйлап отуруп калгам, башка эмне кылмакмын? Азыр болсо турмушубуз жаман эмес. Кээде түшүнбөстүктөр болот, бирок түшүнбөстүктөр бардык эле үй-бүлөлөрдө болот эмеспи. “Кудайга шүгүр” деп жашап келем. Ала качууну кыргыз элинде илгертен бери келе жаткан салт деп ойлойм. Өзүбүздүн эле көпчүлүк ата-энелерибиз ала качуу жолу менен үйлөнүшүп, бештен, ондон бала чоңойтуп келишкен. Бири-бирин сүйүп баш кошуп, үйлөнүү тоюна “долларларды” чачкандар деле ажырашып кетип жатышбайбы.” Кичүү баласын кучагына кысып отуруп ушуларды айтып берди Каныкей. Маек учурунда анын  жоопторунан улам алардын чыныгы бактылуу үй-бүлө экенине көзүм жетти.
 
“Ала качуу алгачкы коомдон калган”
 
Тарых илимдеринин доктору, этнограф Олжобай Каратаевдин айтымында ала качуу кыргыз тарыхында болгон.
 
Бир эле кыргыз элинде эмес, ага тектеш болгон түрк, монгол, казак, калмак, түркмөн, түндүк кавказ элдеринен дагестан, чечен жана ингуш элдеринде да кездешет. Кудалашуу, б.а. кыз алышуу жана кыз беришүүнүн өзүнчө бир формасы катары алгачкы жамааттык коомдо пайда болгон. Ала качуу кыздын макулдугу менен жана макулдугусуз болуп экиге бөлүнөт. Айрым учурларда сүйүшкөндөрдүн баш кошуусуна кыздын ата-энесинин каршы чыгуусу, же жаш уландын материалдык жактан жетишсиздиги тоскоол болот. Бирок, эки жаш бири-бирин сүйөт жана чогуу болгусу келет. Ушуга окшогон учурларда жаштар “ала качты” кылып турмуш куруп келишет.
 
Ал эми экинчи түрү, бул – уурдоо жолу. Эгер кыздын оюна карабай бейтааныш бирөө аны ала кача турган болсо, бул кулак угуп, көз көрбөгөн кылмыш катары эсептелген. Орто кылымдарда кызды зордоп ала качуу өлүм жазасына тартылгандыгын Олжобай Каратаев баса белгиледи. Негизи “ала качуу салты” деген сөздүн өзү туура эмес. Ал салт эмес, айласыздан келип чыккан көрүнүш.
 
Түркияда ала качуу кандай?
 
Башка өлкөлөрдөгү ала качуунун абалы Кыргызстандыкынан бир кыйла айырмаланат. Мисалы, Түркияда таптакыр башкача көрүнүш.
 
Түркиялык тарыхчы Эмре Гүрбүздүн билдирүүсүнө караганда, ала качуу Түркияда да бар, бирок, өтө аз санда. Ал эл тарабынан терс кабыл алынгандыктан убакыт өткөн сайын саны азаюуда.
 
“Түркияда ала качуу азайып жатат. Кыргызстандын абалында болсо ал оңой нерсе катары кабыл алынып, акыркы 20 жыл ичинде көбөйүп келет. Эркектер аны салт катары көргөндүктөн саны кыскарбай келет. Бирок, салтта болгон нерсенин баарын туура деп айта албайбыз,” – дейт түркиялык тарыхчы. Ала качууну таштоо керек экендигин элге түшүндүрүү туура боло тургандыгын айтып, негизгиси жаш жигиттердин оюн өзгөртүү тарабын карманды. “Кыздар ала качылганда арызданышпайт. Себеби, отурбай кетип кала турган болсо, аны кемпирлер “каргап салабыз” деп коркутушат, же болбосо өзүнүн эле ата-энеси аны кайра кабыл албай коюшу мүмкүн. Ошондуктан кыз-келиндер ала качылганда айласыздан макул болууга мажбур болушат. Эгер антпестен арызданышса ала качкандар жазасын көрөт жана бул көрүнүш азаят деп ойлойм,” – деген пикирин Эмре Гүрбүз билдирди.
 
“Эркек  балдардын оюн өзгөртүү керек!”
 
Эркектердин “мага жакса болду, кийин көнүп кетет. Каякка бармак эле?” –  деген ою кейитет. Алар ала качуунун акыр-аягы эмне менен бүтөөрүн билишпейт.
 
Андай үй-бүлөлөрдө түшүнбөс­түктөр, чыр-чатактар көп болот. Буларды кейүү менен “Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова айтты. “Сезим” борборунун жумушу негизинен үй-бүлөдөгү аялдарга көрүлгөн зордук-зомбулукка каршы багытталган. Андай аялдардын ичинде ала качуу жолу менен үйлөнгөндүн үлүшү чоң экендигин белгиледи. “Ала качууну азайтуу үчүн алгач жаш-уландар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Алардын оюн өзгөртүү зарыл”, – деди Бүбүсара Рыс­кулова. Төрайым бул жаатта, аларга кичине кезинен эле “Үй-бүлө деген кандай болот? Ала качуу аркылуу курулган үй-бүлөлөрдүн оң жана терс жактары” жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөрдү берүүнү туу­ра көрөт. Анткени ала качууда кыз сыяктуу эле жигит да келечек жарынын кандай адам экендигин, анын ата-энеси жана туугандары тууралуу билбейт да.
 
Жогоруда ала качууну ар тараптуу ачып берүүгө аракет кылдык. Ала качуу эртең эле жоюлуп кетет деп эч ким айтпайт, себеби көч бара-бара түзөлөт. Бүгүн анын көйгөй экендигин түшүнсөк, демек ага каршы күрөшүүбүз керек.
 
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 155-беренесине ылайык, адам уурдап аны никеге турууга мажбурлоо үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы көрүлө тургандыгын унутпайлы! Ала качууну токтотуу мамлекеттин иши деп кол шилтебес­тен, ал коомдогу ар бир жарандын жүрөгүндө экендигин билүү керек. Жасаган ишине ишенген гана адам ошол ишинин аягына чыгат. Ала качып үйлөнүү ниетинде болгон ар бир жаш жигит алгач өзүнүн апасы жана эже-карындаштарын ойлонуп, анан чечим кылса...
 
Шербол ЖАПАРАЛИЕВ,
"Кыргыз туусу"