6-мартта пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.

Бишкектеги аялдар маршынын катышуучуларына карата чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып, милиция пунктуна жеткирилди.

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү-рэкеттер акча алып жатышкан жеринде кармалышты.

«Чач» каймана аты менен белгилүү алардын бири ыкчам кызматкерлерди сөгүп, коркуткан

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаевге карата Жазык кодексинин эки беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалганын кабарлады.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мурдагы бажычынын жаш балдары негиз болгон

Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды.

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жогорку сот Кубанычбек Самаковго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн канааттандырды.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу жиберди.

Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган ири өлчөмдөгү акча каражаты тууралуу иликтөөдөн кийин козголгон иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) атайын кызматка өткөрүлүп берилди.

Акыркы маалымат боюнча Сапарали Бөрүбаевди Баткенден Оштогу СИЗО-25ке которуп жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Акнет” компаниясынын мурдагы башчысы Кубан Ажымудиновдун иши боюнча 20-февралда соттук териштирүүнү баштаган.

Орусиянын Москва шаарында экстремисттик уюм түзүүгө шектелип Кыргызстандын 6 жараны кармалды.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум болуп өтмөк.

Оштун Ноокат районунун электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ишканасынын текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. пара алууга шектелип кармалды.

“Некст строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтыкбек Шерматов Бишкек шаардык тергөө изоляторуна киргизилди.