Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Акнет” компаниясынын мурдагы башчысы Кубан Ажымудиновдун иши боюнча 20-февралда соттук териштирүүнү баштаган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Акнет” компаниясынын мурдагы башчысы Кубан Ажымудиновдун иши боюнча 20-февралда соттук териштирүүнү баштаган. Бирок анын адвокаты Светлана Аванованын сотко келбей калгандыгынан, сот отуруму 10-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек, Кубан Ажимудиновго козголгон кылмыш иши тергелип, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 2019-жылдын декабрь айында өткөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 150 млн. сом салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталганын кабарлаган.

Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп чыгып, жыйынтыгында «Акнеттин» жетекчиси андан тышкары 616 млн. 816 миң сом салыктан качканы боюнча кошумча факты аныкталганын жарыялаган.

ИИМдин маалыматына караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Ал эми Гулнара Ажимудинова айтымында инисинин ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан.

Булак: elgezit.kg