Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаевге карата Жазык кодексинин эки беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-февралда билдиргендей, 215-берененин (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу) негизинде териштирүү баштоого Чолпонбаев негизги уюштуруучулардын бири болгон жеке компания ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качканы себеп болду.
Ал эми 321-берене (Бийликтен аша чабуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Чолпонбаев "денеге оор жаракат келтиргендиктен ага чара көрүү талабына" байланыштуу ачылды.
Мындай арыз менен УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кайрылган.
Айтбаев аны Чолпонбаев сабап салганын, буга байланыштуу арыз жазганын «Азаттыкка» 26-февралда айтып берген.
Чолпонбаев Айтбаевдин дооматын төгүндөп, «кол көтөргөн эмесмин, жөн эле туруп сүйлөшкөм» деп билдирген.
Каракол шаардык кеңешинде «Табылга», КСДП, «Кыргызстан», «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары жалпысынан 37 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат «Табылга» (12), КСДП (6) партияларына таандык.
Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде болот.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Чолпонбаев Каракол шаардык кеңешинен депутаттык мандатты мыйзамсыз алганы аныкталып, 2016-жылы ага карата Жазык кодексинин 330-беренеси (КР жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу) боюнча да иш козголгон. Кийин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бул тергөө иши токтотулган.
Булак: Азаттык