“Некст строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтыкбек Шерматов Бишкек шаардык тергөө изоляторуна киргизилди.
“Некст строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтыкбек Шерматов Бишкек шаардык тергөө изоляторуна киргизилди. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиргендей, Шерматов аталган ЖЧКнын өкүлү болуп туруп 2018-жылы Ала-Бука айыл өкмөт башчы менен келишимге барган. Анда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу аталган айыл өкмөттөгү “Жеңиш” паркын жалпы суммасы 26 миллион сомго оңдоп-түзөшмөк. Бирок каражаттын бир бөлүгү 7 млн 900 миң сомду алган соң, өзүнүн милдетин аткарбастан жашырынып кеткен.
Бул факт “Алдамчылык” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
“Некст-Строй” компаниясынын жетекчиси Тынчтыкбек Шерматов 15-февралга караган түнү Бишкек шаарынан кармалган. 17-февралда Биринчи май райондук соту Шерматовдун баш коргоо чарасын кабыл алып, Бишкектеги №1 тергөө изоляторуна камакка алды.
Булак: eldik.media