Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды.

Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 19-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү маселени оң жагынан чечип берем деп 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кечээ, 24-февралда жүргүзүлгөн ыкчаам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7000 сом акча каражатын алуу учурунда Биринчи май РИИБдин С.С. менен А.А. аттуу кызматкерлери кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Баракелде