28-мартта Каракалпакстандын Хожели районунда кудуктан үч кичинекей бала менен алардын энесинин сөөгү табылды.

Бишкек, "Саясат. kg". Социалдык түйүндөрдө Токаевдин аялы орусиялык Надежда Давыдовна Токаева болушу мүмкүн экени айтылат.

29-мартта Орусияда бийликке, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерге жана "фейк" маалыматтарды тараткандарга жазаны күчөтүү боюнча эки мыйзам күчүнө кирди.

Европарламент 2021-жылдан тарта ЕБ аймагында бир жолу колдонула турган желим идиш-аяктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун 23 жаштагы тургуну Акмаль Эсанов 27-февралда үч милиция кызматкери аны сабап, мурдун сындырышканын билдирүүдө.

Ашхабадда окуучулардан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин сатып алып, мектеп текчелерине өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Нөшөрлөгөн жаан жана селден улам Иранда 34 киши өлүп, 125и жаракат алды. Бир нече адам дайынсыз жоголду.

Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы  кыйрады.

1-апрелде Ташкентте өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке кабылдамасы ачылат.

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү.

АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бир миллиард долларга жакын каражат бөлөт.

23 кишиден турган Саидовдордун үй-бүлөсү өткөн жылдын жаз айларынан бери Душанбенин борборунда колго жасалган чатырда жашап келет.

Казакстанда эки суткадан бери Мангистау облусунда жайгашкан Каламкас мунай кениндеги скважиналардын биринде сыртка сызылып чыккан газ ачык күйүп жатат.

12 жыл мурда Куляб шаарынын Сайдали Вализода маалесинде курулган мектеп имараты четинен урай баштады.

Каракалпакстандын Канлыкөл районунда 21 жаштагы кыз менен 24 жаштагы бала көрүстөндө бири-бирин бычак менен сайып, жыйынтыгында кыз каза болуп калган.

Сирияда үч орусиялык аскер февралдын соңунда террористтер кол салгандан кийин мерт болгон.

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук прокуратурасы бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкеринин ишин кайрадан текшере баштады.

Казакстандын борборун Нур-Султан кылып өзгөртүүгө 47 миллиард теңге же 125 миллион доллар керектелиши мүмкүн.

Самаркандда мас абалындагы аял жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кетип, жыйынтыгында аны бычактап салган.

Тажикстанда 1-апрелден тарта автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуунун баасы 27 пайызга жогорулайт.