Тажикстандын бардык аймактарында коронавирус инфекциясы катталды.
Бул тууралуу «Asia-Plus» басылмасы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, бир сутканын ичинде өлкөдө 103 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган.
Муну менен Тажикстанда вирус жуктурган 230 адам катталып, анын ичинен 3 бейтап каза болду. Дүйшөмбү шаарында 110 учур тастыкталган.
Булак: Баракелде