Бүгүн, 5-майда саат 10:00гө карата Казакстанда дагы 72 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (17), Нур-Султан (17), Чымкент (2) шаарларында, Түркстан (11), Мангистау (10), Атырау (9), Батыш Казакстан (4) жана Кызыл-Ордо (2) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4121 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 1335 адам Алматы шаарында;
- 723 адам Нур-Султан шаарында;
- 216 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 215 адам Чымкент шаарында;
- 202 адам Атырау облусунда;
- 198 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 160 адам Актөбө облусунда;
- 59 адам Караганда облусунда;
- 158 адам Жамбыл облусунда;
- 156 адам Алматы облусунда;
- 154 адам Түркстан облусунда;
- 150 адам Павлодар облусунда;
- 101 адам Акмола облусунда;
- 80 адам Мангистау облусунда;
- 50 адам Костанай облусунда;
- 30 адам Түндүк Казакстан облусунда;
- 30 адам Чыгыш Казакстан облусунда.
Булак: Баракелде