Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сардаба суу сактагычындагы кырсыкка күнөөлүүлөр ким экенине карабай жазаланарын 5-майдагы видео жыйында билдирди.

«Кандайдыр божомолдор, ушактар болбошу керек. Менин тапшырмам менен укук коргоо органдары бейтарап тергөө иштерин башташты. Ишенип койгула, ээлеген кызматына карабастан бардык күнөөлүү адамдар жазаланат», - деди Мирзиёев.

Мамлекет башчы Сырдарыя облусундагы суу ташкыны Өзбекстан үчүн сабак болгонун, алдыда эл аралык эксперттердин катышуусунда бардык дамбалар экспертизадан өткөрүлөрүн кошумчалады.

Ушу тапта өлкөдөгү ГЭСтер, плотиналар жана башка гидроэнергетикалык курулуштар текшерилип жатканы кабарланууда.

Сардаба суу сактагычынын дамбасы 1-майдын таңында жырылып, коңшу Казакстанга чейин суу каптаган. Өзбекстан 70 миң, Казакстан 30 миң тургунду коопсуз жайга көчүрдү. Кырсыктан кеминде төрт киши мерт болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.

Булак: Азаттык