Ал ортодо Канзас штатынын губернатору Лаура Келли жарандардан коомдук жайларда беткап кийүүнү талап кылган буйрукка кол койду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-июнда карантин чараларын кайра киргизүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Кытай бийликтери Синьцзяндагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылыктардын төрөлүүсүн чектеп жатат деп билдирди бүгүн, 29-июнда Ассошиейтед Пресс агенттиги.

Ташкент облусуна караштуу Бостанлык районунда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага тиешелүү «Сижак» эс алуу жайы сатууга даярдалууда.

Америка Кошмо Штаттарында акыркы суткада коронавирус аныкталган 40 870 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде Казакстанда дагы 547 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн 619 миң 573 адамга жетти.

Өзбекстанда бир суткада 276 адамга коронавирус инфекциясы жугуп рекорддук көрсөткүч аныкталды.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Александр Лукашенконун "Кремль шайлоого кийлигишүүдө" деген билдирүүсүн четке какты.

Моңголиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча башкаруучу «Моңгол элдик» партиясы абсолюттук жеңишке жетишти.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган.

Анын айтымында, муну менен жылына 60 миллиард рублга (864.6 миллион доллар) көбүрөк салык чогултулат.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореяга каршы аскердик планынан убактылуу баш тартуу чечимин кабыл алды.

Белоруссияда президенттик шайлоого катышуу үчүн жети талапкер ат салышууда.

Талапкер болуу үчүн 100 миң адамдын колун топтоо зарыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуаланын башчысы Николас Мадуро менен жолугуп, аны бийликтен тынч жол менен кетүүсү тууралуу сүйлөшүү ниети бар экенин билдирди.

АКШ менен Орусия стратегиялык куралды чектөө боюнча келишимди талкуулаганы жатат.

Россия Федерациясынын аймагында акыркы сутканын ичинде 7600 адам коронавирус менен катталды.

Акыркы суткада Казакстанда дагы 446 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Акыркы суткада Казакстанда дагы 428 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.