Орусиянын оппозициядагы саясатчысы Алексей Навальный Владимир облусунун Покровка шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Кеңешке Путиндин жардамчысы Андрей Фурсенко жана Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Юрий Аверьянов дагы кирет.

Өзбекстандын Самарканд облусунун Пайарык районунда аял киши 2 өспүрүмдүн өмүрүн алды.

Ушул тапта өлкөгө Орусиядан бензин жеткирилүүдө.

Кум борошосунун кесепетинен Кытайдын борборунун асманы саргыч түскө боёлгон.

Жекшембиде Франциянын Аржантёй шаарында беш миңге чукул адам 14 жаштагы Алишаны эскерип, жүрүшкө чыгышты.

Документти жалаң демократтар гана колдоп, республикачылардын баары каршы добуш беришти.

Арменияда оппозициялык «Мекенди куткаруу» кыймылы премьер-министр Никол Пашинян менен жолугушуудан баш тартты.

Прага соту Чехиянын «Czech Airlines» улуттук авиакомпаниясын банкрот деп жарыялады.

Суук -30 градуска жетет, деп билдирди Казгидромет.

Google Орусияга 3 млн. рубль айып пул төлөдү.

Орусиялык «Мастерская» киностудиясы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жөнүндө документалдык тасма тарта баштады.

АКШ президенти Жозеф Байден салтанатта сүйлөп жатып, өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин ысымын эстей албай койду.

Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

АКШ Орусиянын америкалык вакциналарга каршы дезинформация кампаниясы деп атаган аракеттерин айыптады жана мындай көрүнүш менен күрөшө турганын билдирди.

Беларусь саясатчысы, президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановская АКШга иш сапары менен барат.

АКШдагы Миннеаполистин соту өз жүрүмүндөгү арачыларды тандоо боюнча иш-чараларды кийинки күнгө жылдырды.

Вашингтон менен Брюссель “Боинг” (“Boeing”) жана “Аэробус” (“Airbus”) авиакомпанияларынын өз ара соода жаңжалынан улам киргизилген бажы төлөмдөрүн токтото турууга макул болушту.

Буга чейин Тажикстанда колдонуучусу көп Facebook социалдык түйүнү да өлкөдө салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Дүйнөдөгү маркетингдик изилдөө боюнча Research and Market дүкөнү дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды.