Бишкек, "Саясат.kg". Орусиянын Конституциясына ылайык, өлкө аймагында төрөлгөндөр жарандыктан ажыратылбайт.

Өткөн аптада Орусиянын Мамдумасы "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Документте орус паспортунун ээлери "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттери үчүн", анын ичинде орус аскерлери жөнүндө жалган маалыматтарды тараткан маалда жарандыктан ажыратылары жазылган.

Жаңы эрежелер боюнча аскерден качуу, армия жана ыктыярчылар жөнүндө жалган маалымат таратуу, каралоо, жапырт башаламандыктарды уюштуруу, митингдер жөнүндө мыйзамды бир нече ирет бузуу, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды аткарбоо үчүн жарандыктан ажыратуу каралган.

Бул себептер менен жарандыктан ажыратылган адамдар үч жылдан кийин гана орус жарандыгын алууга арыз тапшыра алышат.

Орусиянын Конституциясына ылайык, өлкө аймагында төрөлгөндөр жарандыктан ажыратылбайт.

Акыркы жылдары Борбор Азиядан, тактап айтканда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан орус жарандыгын алгандар көп катталган. Былтыр орус паспортун алгандардын 43% же 300 миндейи Донецк жана Луганск аймагында жашаган Украинанын мурдагы жарандары болгон.