Бишкек, "Саясат.kg". Маалыматта чабуулду украин тарап уюштурганы белгиленген.

3-майга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына эки дрон менен сокку уруу аракети болду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта чабуулду украин тарап уюштурганы белгиленген. Орус басылмалары дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын жазышты.

Телеграм-каналдар менен бир катар орус ЖМКлары Кремлге чабуул жасоого аракет кылды делген дрондордун видеосун жарыялашты.

Өз кезегинде украин президентинин кеңсеси Кремлге дрондор менен жасалган чабуулга Киевдин тиешеси жок экенин билдирди.

"Бизде Кремлге болгон түнкү чабуул тууралуу маалымат жок. Президент Зеленский бир канча жолу айткандай, Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатат", - деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Сергей Никифоров.

Кремл бул чабуулду "пландалган террордук акт" жана "Жеңиш майрамынын алдында президентке кол салуу аракети" деп атады.

"Орус тарап каалаган жерде жана качан жооп чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Орус бийлиги азырынча "Кремлди бутага алды" делген дрондор кандай көлөмдө жана кандай үлгүдө экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын түшүндүрө элек.