Бишкек, "Саясат.kg". "Свобода" радиосу шектүү адам кармалганын жазды.

Орусиянын Тергөө комитети Волгоград шаарындагы мечиттин алдында Куранды өрттөөгө байланыштуу "Динге ишенген адамдардын сезимине акаарат келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

"Свобода" радиосу шектүү адам кармалганын жазды. Анын Украинанын атайын кызматына иштегени айтылууда. Ишти Чеченстанда териштиришет. Юстиция министри шектүүнү "мусулмандар үстөмдүк кылган" аймактагы түрмөгө жөнөтүүнү сунуш кылды.

Орус тилдүү Телеграм-каналдарга жарыяланган 11 секунддук видео Волгоград шаарынын борбордук мечитине жакын жерде тартылган. 20-майда шектүүнү кармоо учуру тартылган видеону Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) чыгарды. Маалыматка ылайык, кармалган киши курьер болуп иштеген, Севастополдо туулган 19 жаштагы Никита Журавль.

Тергөөчүлөр ал 19-майда украин атайын кызматынын тапшырмасы менен акчага Куран китебин өрттөгөнүн билдирүүдө. Тергөө комитети кабарлагандай, шектүү күнөөсүн моюнга алып, коншу өлкөнүн коопсуздук кызматы үчүн аскердик жайларды тартып жүргөнүн айтты. Ошол эле маалда тыңчылык тууралуу кылмыш иши козголгон-козголбогону маалымдалган жок. Бул тууралуу "Кавказ.Реалии" сайты жазды.

"Динге ишенген адамдардын сезимин мазактоо" беренесинде үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Курандын Швецияда өрттөлүшүн Украинага каршы согушту актоо үчүн пайдаланган. Ал апрелде Москвада мусулмандардын ыйык китебин өрттөө үчүн Киевди айыптаган. Бирок ал окуяга байланыштуу кимдир бирөөнүн кармалганы маалымдалган эмес.

Украин тараптын соңку айыптоолорго реакция билдирген-билдирбегени белгисиз.