Бишкек, "Саясат.kg". Хирургиялык операцияга "балдардын жыныстык тубаса ооруларын дарылоо үчүн гана" уруксат берилет.

Мамлекеттик Думага "хирургиялык жол менен жынысын алмаштырууга толук тыюу салууну" сунуштаган мыйзам долбоору келип түштү. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү "Саламаттыкты коргоо жөнүндө" жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдарга киргизүү каралууда.

Мамдуманын Телеграм-каналындагы маалыматта мыйзам долбоорунун автору катары 400гө жакын депутат көрсөтүлгөн.

Документке ылайык, хирургиялык операцияга "балдардын жыныстык тубаса ооруларын дарылоо үчүн гана" уруксат берилет. Бул үчүн саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен турган дарыгерлер комиссиясынын чечими талап кылынат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда расмий документтердеги гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салуу сунушталууда. Азыр Орусиянын жарандары гендердик маркерди жынысын алмаштырганы тууралуу медициналык уюм берген документтин негизинде өзгөртө алышат.

Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө маалыматта 2016-2022-жылдардын аралыгында жынысын өзгөрткөнүнө байланыштуу паспортун алмаштыруу үчүн 2 990 киши арыз менен кайрылганы жазылган. Документтин авторлору бүгүнкү күндө транссексуалдуулук жана жынысты алмаштыруу тууралуу маалымкаттарды Орусиядагы жеке клиникалардын көбүнөн "эч кандай тоскоолдуксуз эле" алса болорун белгилешкен.

Орусияда гомосексуалдуулук, бисексуалдуулук жана трансгендерлик тууралуу позитивдүү маалыматтарды таратууга тыюу салынган. Бул үчүн жарандарга 400 миң рубль, уюмдарга 5 миллион рублге чейин айып пул каралган.

Сурамжылоого катышкан ЛГБТ өкүлдөрүнүн 83% Украинада согуш башталгандан бери орус коомунда гомофобдук жана трансфобдук маанайлар күчөгөнүн айтышкан. Ошол эле маалда алар басмырлоого кабылган учурларда полицияга азыраак кайрылып калышканын, анткени ал жактан да басмырлоого кабылуудан кооптонушарын билдиришкен.