Көп окулууда
-
Бишкек, “Саясат.kg”. Абанын температурасы +40 градустан ашып, айрым шаарларда жашоо дээрлик токтоду
-
Бишкек, “Саясат.kg”. Дүйнөдө киберкоопсуздук жана AI системаларын башкаруу сыяктуу жаңы адистиктерге суроо-талап өсүп жатат
-
Бишкек, “Саясат.kg”. Дайынсыз жоголгондордун саны да өтө көп...
-
Бишкек, “Саясат.kg”. Астрономдор үчүн бул күтүүсүз билдирүү чоң кызыгууну жаратууда.
-
Бишкек, “Саясат.kg”. Индиянын Мумбай шаарында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Жаңылыктар
- Подробности
- Категория: Коом
Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.
- Подробности
- Категория: Коом
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келди. Алар Үрүмчү шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Синьцзян университетинде окушат.
- Подробности
- Категория: Саясат
Бишкекте Равшан Жээнбековдун тарапташтары басма сөз жыйынын өткөрүшүүдө. Анда жактоочу Замир Жоошев Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалай турганын айтты.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Окумуштуулар жасалма үн аппараты менен египеттик жрецтин мумиясынын үнүн чыгарып, угуп көрүштү.
- Подробности
- Категория: Коом
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга колдоо иретинде өзүнүн кайрымдуулук фондунан 5 миллион доллар бөлдү. Мындан тышкары дагы 5 миллион доллар Африкага бөлүнөт.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
АКШнын Аризона штатында полиция бир машинаны токтотуп, алдыңкы орунда скелет отурганын көрүшкөн. Амалданган айдоочу скелетти кийинтип жанына отургузуп алып атайын жүргүнчүлөр менен гана жүрүүчү чиийин аркылуу өтмөкчү болгон.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Шотландияда күнөөсү жок жаран 3 күн тергөө абакта отурган соң акталган. 4 жылдан кийин гана анын иши каралып, бейкүнөө боло туруп абакта отуруп чыкканы үчүн компенсация берилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Ашгабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.
- Подробности
- Категория: Коом
«Бизди биздин өлкө эмес, Кытай өзү коргойт»
Учурда, КРнын ИИМнин маалыматына ылайык, коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында Кыргызстандан билим алуу үчүн барган 14 студент бар.
Видеотасма
- Подробности
- Категория: Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу мамлекет башчысы дүйшөмбү күнү өткөргөн чукул жыйында айтты.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Кытайда тараган вирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 106 адамга жетти. Бул тууралуу «AFP» басылмасы Кытайдын бийлигине шилтеме берүү менен жазды.
- Подробности
- Категория: Саясат
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча мамлекеттик айыптоочу кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
- Подробности
- Категория: Экономика
2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын аймагында 724,7 миң чарба субъектиси бар деп эсептелген. Бул сандар юридикалык жана физикалык тараптарга да тиешелүү.
- Подробности
- Категория: Экономика
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерди иликтеген Стокгольм эл аралык институту (SIPRI) биринчи жолу кытай компаниялары өндүргөн курал-жарактын көлөмүн талдап чыкты.
- Подробности
- Категория: Саясат
Кой-Таш окуясына айыпталып жаткан Равшан Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады. Учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда, деп жазат «Азаттык».
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Кытайдын Хубэй провинциясында өткөн сутка ичинде коронавирустан улам 24 адам өпкөсү сезгенип каза болду, бул илдетти жуктуруп алган дагы 1 291 учур катталды. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеканалы бийликке таянып билдирди.
- Подробности
- Категория: Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Президенттин аппарат жетекчилигинин, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытай Эл Республикасынын аймагында жана башка өлкөлөрдө жайылып жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешме өткөрдү.
- Подробности
- Категория: Саясат
КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун буйругуна ылайык Дашков Василий Анатольевич КРнын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.







