Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.
Өкмөт тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.
«Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал зарыл болгон бардык алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкына дайыма маалымат берүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Өкмөткө Кыргызстандын аймагында вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүүнү сунуштады. Конкреттүү участоктордо профилактикалык чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде