- Жээнбеков Кой-Таштагы оор кылмыштарга эч кандай тиешеси жок, ал окуяда абалды жөнгө салууга аракет кылган. Ал оор кылмыш боюнча шектүү болсо эмнеге дароо кармалган жок? - деди жактоочу.
Замир Жоошев Равшан Жээнбеков окуядан кийин эки жолу чет өлкөгө чыгып келгенин эске салып, күнөөсү болсо кайра келбей коймок деген оюн ортого салды. Адвокат Жээнбеков өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдей аларын кошумчалады.
Булак: Азаттык