Жээнбеков бардык алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалымат таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Өкмөткө вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүү керектигин айтты.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрүн өзгөчө белгиледи.

Булак: Азаттык