Белгилей кетсек, Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаматов коррупцияга айыпталып, 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3,3 млн сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоочу Р. Б. болгон, ал ошол себептен кызматтан алынды.
Коопсуздук кеңешинин жакында өткөн жыйынында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул иш тууралуу сын айткан.
Булак: Кабар